Көркөм тасма Кыргызстанда жана Кытайда тартылып, күз айларында коомчулукка сунушталмакчы.

Тасманын тартуучулары бир жылдай убакыт аралыгында даярдык көргөнүн, а тартуу иштери 2016-жылдын февраль айында башталаарын билдирди.

“Жети-Өгүз районунда Жууку деген ашуу бар. Абдан орундуу. Биринчи кадрды ошол жактан тартсакпы деп турабыз”, — деди тасманын режиссёру Медин Учкеев.

Тасма Кыргызстандын Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, андан сырткары Кытайда тартылмакчы.

Көркөм тасмада Салман деген башкы каарман жана анын үй-бүлөсү, кыйын кырдаалга туш болуп Кытайга чейин барып, кайра келген жашоосу чагылдырылат. Үркүндү тартуучулар бул тарыхый-көркөм тасма экенин белгилешет.

“Бул жерде эч кандай саясат жок. Бул — чыгармачылык. Ошол кездеги элдин акыбалын көрсөтөлү деп жатабыз”, — деди Үркүн тасмасынын сценарийин жазган Мухтар Атаналиев.

Тарыхый-көркөм тасманы тартууга жалпы 17 миллион сомдой акча каражатын эсептеп чыгышкан. Аны тасмага продюссерлик милдетти алган “Саякбай Манасчы” фонду каржыламакчы.

Үркүндүн режиссёрунун белгилешинче, тасма 1 саат 45 мүнөткө созулмакчы.

Сүрөт: Азаттык