Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 61 учур аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен вирус өзгөчө деле коркунуч туудурбай турганын белгилеп жатышат.

2015-жылдын декабрынан бери дарыгерлер чочко тумоосу (А/(H1N1) pmd) менен ооруган 61 учурду аныкташкан — бул Курч респиратордук вирустук инфекцияларга (ОРВИ) алынган бардык үлгүлөрдүн 20%дан азын түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун маалыматы боюнча, Европа өлкөлөрүндө статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө 80% учурларда чочко тумоосу табылат.

Тема боюнча: Саламаттыкты сактоо министрлиги чочко тумоосунан 39 киши каза болгон деген маалыматты четке кагууда

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова Kloop.kgге чочко тумоосу «коркунуч туудурбастыгын» айтты.

«Чочко тумоосу деген коркунучтуу угулушу мүмкүн, бирок өзгөчө деле коркунуч туудурбайт. [Бул] тумоо — чочко тумоосунун бир түрү жана башка тумоолор сыяктуу эле аны дарылап айыктырууга болот», — деди ал.

Кыргызстанда 30,5 миң киши профилактикалык эмдөө алган. Саламаттыкты сактоо министрлиги курамында А (H1N1), pdm09 жана А (H3N2) тумоолорунун штаммдары бар (чочко тумоосу ушул тумоолордон турат) болгон эмдөө каражаттарын пайдаланууну сунуштайт.

2009-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чочко тумоосу деп аталган жаңы штаммдын дүрт этүүсүнө байланыштуу пандемия жарыялаган.

Вирустан дүйнөнүн 140 өлкөсүнөн 2600дөн ашык киши каза болгон. Кийинчерээк Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун калк арасында негизделбеген коркунуч сезимдерин жаратууга айыпташкан.

Кыргызстанда чочко тумоосу алгач 2009-жылы катталган. Жуктургандардын көбү өлкөгө Орусиядан келишкен. Чочко тумоосу ошондой эле Канада, Бириккен Араб эмираттары, Казакстан жана Тажикстандан да келген — бул өлкөлөрдүн ар биринен бирден тумоо жуктурган киши келген.

2009-жылдын 9 айында «тумоо» жана «Курч респиратордук вирустук инфекция» диагнозу менен 94 миңден ашык киши медициналык жардам сурап кайрылган.

Анда Кыргызстан Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдөн керектүү эмдөө каражаттарын алган — өлкөдө чочко тумоосунан каза болгон учурлар катталган эмес.