Сноузилла деген аталышка ээ болгон АКШнын чыгыш жээктериндеги буга чейин болуп көрбөгөндөй кардын жаашы анча чоң эмес аймактык кыйроо гана болбостон, түрдүү, кээ бирде өзгөчө көңүл ачууларга да себеп болду. Kloop.kg америкалыктар буга чейин болуп көрбөгөндөй кардын жаашын кантип тосуп алгандыктарын билүү үчүн Youtube менен Instagramдагы колдонуучулардын баракчаларына көз салды.

Сноузилла деген аталышка ээ болгон Жонас бурганагы АКШнын чыгыш жээктеринде жыйырмага жакын адамдын өмүрүн алып кетти. Өткөн аптанын жума жана ишемби күндөрү болгон бурганак маалында эки жүз миңге жакын адам бир канча убакыт электр жарыгысыз калган. Кар күрткүлөрүнөн улам жүздөгөн автоунаалар жолдордо тыгылып калышкан.

Айрым жерлерде кардын калыңдыгы бир метрге чейин жетти. Нью-Йорктун Борбордук есйил багында кар күрткүсү 60 сантиметрден ашкан.

Trailblazing.

Фото опубликовано Jamie W. (@jww_color) Янв 24 2016 в 7:03 PST

best snow for in town #snowzilla

Фото опубликовано Phil Ritz (@mr_pritz_) Янв 24 2016 в 7:04 PST

Анткен менен Сноузилла аймактагы кичи кыйроо гана болбостон, америкалыктардын көңүл ачуусуна да себеп болду.

Режиссер Кейси Нейштат Нью-Йорктун көчөлөрүндө сноуборд менен жүрүп көрүүнү чечкен:

Албетте, массалык түрдө кар менен урушуп ойноо учурлары да болбой койгон жок:

T'was lots of fun til some jerk hit you right on the head with an ice rock #Snowzilla #bottomlessblizzardinsta

Видео опубликовано Nancy Widjaja (@thewanderingwonderer) Янв 24 2016 в 7:50 PST

Балдар карга көмүлүп ойноо мүмкүнчүлүгүн бошко кетиришкен жок:

А кимдир бирөө Нью-Йорктогу Таймс Сквердин дал ортосуна кар киши тургузган:

About last night ☃ #timessquare #nyc #snowzilla #jonas #blizzard2016

Фото опубликовано Lilian Mariana (@mari.acevedo) Янв 24 2016 в 7:47 PST

Кардын жаашы адамдарды гана эмес жаныбарларды да кубандырды. Вашингтон зоопаркындагы панданын калың карда ойноп жатканы тартылган видео акырындык менен соцтүйүндөрдө популярдуулукка ээ боло баштады:

Кар ошондой эле үй жандыктарын да кубанычка бөлөдү:

Ahhhhh! Shark! #snowzilla #snowday

Фото опубликовано Danny Neckel (@dneckel19) Янв 24 2016 в 8:15 PST

Thanks for the #snowday ❄️ #snowzilla !

Фото опубликовано Rennemarie (@foreverjoydesigns) Янв 24 2016 в 8:05 PST

#blizzard2016#blizzardof2016#snowedin#snowzilla#snowlovely#beautiful

Фото опубликовано Tamara (@tamgirl5) Янв 24 2016 в 8:05 PST

Башкы сүрөт: mvdooley/Instagram