Өкмөт бийик тоолуу аймактарда жана жаратылыш шарты катаал райондордо жашагандар менен иштегендердин жеңилдиктерин алып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун чакыртып алды.

Премьер-министр Темир Сариев мыйзам долбоорун чакыртып алып, аймактардагы социалдык-экономикалык шарттарга байланышкан бардык маселелерди эске алуу менен аны кайрадан иштеп чыгууну тапшырды.

«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууда жетиштүү деңгээлде комплекстүү анализ жүргүзгөн эмес. Өлкө үчүн пайдалуу чаралар терең ойлонулуп, тыкыр эсептөөлөргө таянышы керек», — деп белгиледи премьер-министр.

Кыргызстандын Тоо-металлургия кесиптик кошуунунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажыбаев мыйзам долбоорун чакырып алуу боюнча өкмөттүн чечимин колдойт.

«Биз мыйзам долбоорун мезгилсиз кабыл албоо туура деп эсептейбиз, анткени каатчылык маалында адамдардын жашоосу ансыз деле оор болууда жана ага кошуп жеңилдиктерин кыскартуу туура эмес, андыктан биз өкмөттүн мыйзам долбоорун чакырып алуу чечимин колдойбуз», — деп эсептейт ал.

Тажыбаевдин айтымында, деңиз деңгээлинен канча бийик экендигине жана облустук пункттун алыстыгына жараша мамлекеттик кепилдиктердин өлчөмдөрү бекитилет.

«Ар бир калктуу конуштун өзүнүн пайызы бар. Мисалы, Терек-Сай айылында айлык маянага 30% кошулат. Ал эми Айдаркен кыштагында беш пайыз. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынган болсо, анда Айдаркендеги үстөк пайыздар жоюлуп, Терек-Сайда 30 эмес, а 20% болуп калмак», — деп кошумчалады ал.

Мыйзам долбоору Эмгек министрлиги тарабынан 2014-жылы иштелип чыккан. Документке ылайык, мамлекеттик кепилдиктер менен компенсацияларды деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жашаган жана иштеген кыргызстандыктарга берүү сунушталган. Мыйзамдын азыркы редакциясы боюнча, жеңилдиктер деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жашагандарга берилет.

Автор: Айдана Апазбекова
Сүрөт: Eurasianet.org