Эгер мамлекеттик кызматкер укук коргоо органдарына даттанса, ал сунушталган паранын суммасынын 30 пайызын өзүнө ала алат — мындай сунушту камтыган мыйзам долбоору парламент депутаттары тарабынан демилгеленүүдө.
Беш фракциянын депутаттары пара, коммерциялык сый төлөмдүн же мыйзамсыз жылыштырылган акчалай каражаттар тууралуу билдирген чиновниктерге сый акы төлөп берүүнү сунушташты.
Пара тууралуу кабарлаган адам ал сумманын 30 пайызын ала алат, бирок максималдуу сый акы өлчөмү 100 миң сомдон жогору болбойт.
Мыйзам долбоорунда коррупция тууралуу кабарлаган адамды коргоо каралган. Бийлик купуялуулукту, бекер юридикалык кеңешти, жакындары менен туугандарын коргоо жана алардын жумуштан бошотулушунан корголушун убадалайт.
Коргоо жана сый акы алуу үчүн пара сунуштоо же алуу фактысын далилдөө керек болот. Алар тууралуу кабарлаган адам «билдирилип жаткан коррупциялык укук бузуу жөнүндө күбө болуучу жетишерлик маалыматтарга» ээ болууга милдеттүү.
Мыйзам долбоорунун текстинде «жетишерлик маалыматтын» эмне экендиги белгиленген эмес.
Эгер коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кабарлаган адамдын маалыматтарынын жалган экендиги аныктала турган болсо, анда ал жоопкерчиликке тартылат. Мындай учурларда чиновник акча дагы, мамлекеттин коргоосун да ала албайт.
Күч түзүмдөрү коррупция тууралуу чиновниктерден келип түшкөн ар бир билдирүүгө реакция жасоого милдеттүү.
Ким коргоого ээ боло алат:
- Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
- Мамлекеттик бюджеттен айлык алган мамлекетттик түзүмдөрдүн жумушчулары;
- Мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери;
Мыйзам долбооруна ылайык, сый акы төлөп берүүлөрдү каржылоо булактарын, ошондой эле сый акынын өлчөмүн, аны төлөөнүн негиздерин жана тартибин өкмөт өзү чечиши керек болот.
Бул жаңы идея эмес — 2012-жылдын апрелинде мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов коррупцияга даттангандарга сый акы төлөөнү сунуштаган.
Бирок ал демилгеге ылайык, сый акыны чиновниктер гана эмес, башкалар да ала алышмак.
Буга окшогон мыйзам Түштүк Кореяда иштейт — анда каалаган адам Интернет аркылуу коррупция тууралуу билдирүү бере алат жана ал бийлик тарабынан каралат.
Каалаган жаран коррупция фактысы боюнча иликтөө баштай алат жана ага Түштүк Кореянын коррупцияга каршы күрөшүү органы жардам берүүгө милдеттүү.
Түштүк Корея коррупцияны кабылдоонун деңгээли боюнча 43-орунда турат. (Өлкө канчалык бийик турса, анда коррупциялык фактылар ошончолук аз кездешет).
Сурамжылоо: Коррупцияны билдирип сый акы алууга оюңуз кандай?
Сурамжылоо жүргүзгөндөр: Жанара Асанкул кызы, Дастан Оңолбеков