Жаныбарларды коргоочулар Бишкекте жолбун иттерди атууну токтотуу үчүн кол топтоп жатышат. Мэриянын өкүлдөрү эгер аларды атпаса шаарда «кичинекей бүлгүн» болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Иттерди атууну токтотуу үчүн кол топтоо 23-январда петициялардын Change.org сайтында башталган. Демилгечи Назгүл Флор Бишкек мэриясын борбордогу жолбун иттерди жок кылуу «ыкмаларын кайрадан карап чыгууга» чакырууда.

«Бул ачууну келтирген аракеттер, камарабастан кырып жок кылуу, ачык эле кордоо! Ким мындай кылууга болот жана ошондой кылуу керек деген чечим кабыл алды эле!?» — деп жазган ал.

«Жашоого болгон укук» коомдук фонддун жетекчиси Алла Кобцова жаныбарларды атуу натыйжасыз экенин билдирди. Анын айтымында, шаар бийлигинин аракеттерине карабастан жолбун иттердин саны азайбай эле.

«Анын натыйжалуулугу тууралуу өткөн жылдарды карап туруп айтсак болот. Иттерди атуу 10 жылдан ашык убакыттан бери ишке ашырылып келет, бирок биз ага карабастан жолбун иттердин азайбай жатканын көрүүдөбүз», — деди ал.

Кобцова жарандардын арасында эгер алар жаныбарларды каалабаса же аларды карай алышпаса бакпай эле коюу идеясын жайылтууну сунуштайт.

«Жолбун иттер көйгөйүн чечүүдөн мурда алардын үйдө багылып жаткандарынын эркектеринин 80-90%ы бычылган болушу керек. Ошондо гана үйлөрдөн чыгарылган иттердин агымы токтойт», — деди ал.

Кобцованын айтымында, жолбун иттер көйгөйүн чечүү азырынча натыйжасыз болот, анткени үйдөн чыгарылган күчүктөрдүн эсебинен алардын популяциясы өсүп турат.

Тема боюнча: Бишкекте мэрия менен коомчулук кайрадан иттердин атылышын талкуулап жатышат [+ сүрөт жана аудио] 

«Жашоого болгон укук» фонду жаңы конуш жашоочуларына иттерди бычуу зарылдыгы тууралуу айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, анткени жолбун иттердин басымдуу бөлүгү шаар четинде көп жүрүшөт.

«Көпчүлүгү бычуунун эмне экенин билишпейт. Ага акча да керекбычуу бир жарым миң сомдун айланасындагы каражатты түзөт, көбү андай акчаны төлөөгө даяр эмес», — деп белгиледи Кобцова. 

Мэрия: Атуу «жагымсыз, бирок зарылдык» 

Мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова Kloop.kgге курган маегинде эгер шаар бийлиги иттерди атпаса, анда «борбордун масштабындагы кичинекей бүлгүн» болорун айтты.

«Бул иш жагымсыз, бирок зарылдык. Ошондуктан бизге өзүбүздүн түздөн-түз ишибиз — шаарды санитардык тазалоо менен алектенүүгө туура келүүдө», — деди ал.

Алманбетованын айтымында, жолбун иттерди бычуу үчүн мэрия өз алдынча уюштура албай турган атайын программа керек. Ошондуктан ал бишкектиктерди биригип, шаардык кеңешке жаныбарларды багуучу муниципалдык жай ачууну сунуштоого чакырды.

IMG_0180-kopiya-450x300

«Бишкекте иттерди мындай коелу үй-жайсыз адамдарды багуучу жайлар жок. Бычуу боюнча программа үчүн өкмөттөр аралык документтер керек. Ал биринчи кезекте Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Мамэкоинспекциянын, Айыл чарба министрлигинин көйгөйү. Эгер мен азыр иттерди бычууну кааласам, мени колго чабышат, анткени бул жалгыз мэриянын гана иши эмес», — деди ал.

2015-жылдын ичинде шаар бийлиги 15 миңден ашык жолбун итти аткан. Алардын ар бирин атуу үчүн бюджеттен 200 сом каралган — ок-дарыларга, жол чыгымдары жана иттердин өлүктөрүн жок кылууга. Жалпысынан өткөн жылда ал сумма 3 млн. сомго жеткен.  

«Санитардык түшүнүктөр»

Бишкекте жолбун иттерди атуу менен негизги ишмердүүлүгү таштандыларды тазалоо болгон «Тазалык» муниципалдык ишканасы алектенет.  

«Ишинин өзгөчөлүгүнөн» улам белгисиз бойдон калууну каалаган ишкананын жолбун иттерди атууга жооптуу кызматкери Kloop.kgге иттерди «санитардык түшүнүктөрдөн улам» ата тургандыктарын айтты.

«Иттер кутурма сыяктуу ооруларды алып жүрүшөт. Жолбун иттердин популяциясынын өсүп жаткан-жатпагандыгын так айтууга болбойт: бир жылы алар көп, а башка жылы аз болот», — деди ал.

Ишкана кызматкеринин айтымында, атылган иттерди Бишкектин таштанды төгүү жайындагы мештерде өрттөшөт.  

Бирок таштанды төгүлүүчү жай тууралуу тартылган көз карандысыз журналисттердин видеосюжетинде атылган иттердин турак үйлөрдөн анча алыс эмес, таштанды төгүү жайында үйүлүп жаткандыктары көрсөтүлгөн.

«Мына, карагыла: өлгөн иттер, мына курттар. [Таштанды төгүү жайынын директору Алыбек] Апазов жолугушуу маалында атылган иттердин баары көмүлө тургандыгын айткан. Анын баары калп», — деген ал сюжетте жакын жердеги жаңы конуш тургуну Булбул Маматкадырова.

Сюжетте өлгөн иттер тартылган кадрлар бар жана ал 16 жаштан кичүү өспүрүмдөр менен кош бойлуу аялдардын көрүүсү үчүн сунушталбайт. Эгер сиз аны баары бир көрөм десеңиз анда шилтемени басып көрсөңүз болот.

1990-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жолбун иттер менен күрөшүүнүн жалгыз гана натыйжалуураак жолу аларды бычуу экендиги жазылган баяндама жарыялаган.

Бирок ал уюмдун маалыматтары боюнча, көп натыйжаларга качан иттердин ээлери багып жаткан жаныбарлары үчүн бардык жоопкерчиликти өзүлөрүнө алганда гана жетүүгө болот.

Видео: Владимир Цай
Сүрөт: Анастасия Стрельникова.