Kloop.kgнин кабарчылары борбор калаанын тургундарына микрофон сунуп, шаардын эмнесин жактырып, эмнесин жактырбасын сурап көрүштү. Оң пикир билдиргендер имараттар курулуп, шаардын көркү ачылып жатат дешсе, терс көз караштагылар таштанды жана унаалардын көптүгүн белгилешти.