Бишкекке келген зоопарктын капастарынын тардыгы айрым шаардыктардын кыжырын келтирип, нааразычылыктарын жаратууда. Бирок азырынча жашоочулардын бир бөлүгү кыжырданып жаткан маалда, экинчи бөлүгү — жырткычтарды көрүп алуу мүмкүнчүгүнөн пайдаланышып кубанып жатышат.

Жыл сайын көчмө зоопарк Бишкекке жыл башында же соңунда келет — бул жолкусунда ал шаарга декабрдын аягында келип, андан бери көрүүчүлөрдүн көптөгөн нааразы болгон, ошол эле маалда колдогон пикирлерине ээ болду.

Шаардыктардын нааразычылыктарын жырткычтар кармалып турган капастардын тардыгы жаратууда — көчүрүлмө вагондордо жаныбарларга орун аз болуп, алардын көбүрөөк эркиндик издеп алдастап жаткандыктары көрүнүп турат.

Көрүүчүлөрдүн бир бөлүгү ал зоопаркты «орто кылымдагы көчмөндөрдүн жапайы айбандарды багуучу жайы» деп аташууда.

«Бишкекте качан нормалдуу зоопарк курулат? Дайыма эле ушундай «ырайымсыз» вагондордун көчүп келүүсү болуп турабы? Ошол эле Асанбайдагы «Затерянный мир» менен «Детский мирдегини» карагылачы — таза, жакшы каралган, жайдары адамдар, 50 жыл мурдагы жасалга эмес. Жаныбарларды кыйноонун мындай түрлөрү менен балдардын акыл-эсине доо кетирүүнүн эмне кереги бардыгы анча түшүнүксүз…» — деп суроо салган «Дизель» онлайн-форумунун Kanzler аттуу колдонуучусу.

Kloop.kgнин кабарчылары көрүүчүлөрдүн бул айткандарынын туура экендигине ынануу үчүн ветеринар Полад Сулейманов менен бирге зоопаркка барышты.

Андагы шарттарды көрүп чыккандан кийин Сулейманов жаныбарлар кармалып турган капастарды «кыйноолор камерасы» деп атады.

«Бул өтө начар, тар шарттар. Эгер [жаныбарлар] алардын ичинде бул мезгил бою камалып турушса, анда [алардын] психикасы сөзсүз бузулат», — деп эсептейт ветеринар.

Ал кыргыз мыйзамдарында жапайы жаныбарлардын көчмө зоопарктарда кармалып туруусунун шарттары жазылбагандыгын кошумчалады.

Мыйзам «жаныбарлар дүйнөсүнө кылдат мамиле кылуу» сөздөрү менен гана чектелип, анда «кылдат мамиленин» кандай болушу керектиги көрсөтүлгөн эмес.

Зоопарктын директору маек куруудан баш тартты, бирок ал андагы жаныбарларды марттын ортосуна чейин келип көрүүгө болорун билдирди.

«Бардык нерсени жакшы деп билген элестер»

Көрүүчүлөрдүн айткандары жана кабарчылардын байкоолоруна ылайык, зоопаркка көбү жапайы жаныбарларды жакындан көрсүн деп балдарын ээрчитип барышат.

«Дизелдин» Robusta деген ысым менен катталган колдонуучусу зоопаркты сындап жаткандар алдын ала тар капастар менен жаныбарлар кармалып турган шарттар тууралуу билип, бирок баары бир ал жакка балдарын алып барууну улантып жаткандыктарын айтып аларды жемеледи.

«Кийин «ах-ах, аянычтуу!» же «ой-ой, балдардын аң-сезимине доо кетирип эмне кереги бар?» деп жазуу үчүн баары бир балдарыңарды ошол жакка алып барып жатасыңар. Силерди ал жакка барып, балдарыңардын аң-сезимине доо келтиргиле деп эч ким мажбурлабай эле да», — деп жазды ал.

Ага жооп катары башка колдонуучулар Бишкекте бош убакытты өткөрүүчү жайлар аз болгондуктан дем алыш күндөрүн өзгөчөлөнтүү үчүн балдарын зоопаркка алып баргандыктарын билдиришкен.

«Албетте зоопарк станционардуу эмес, а көчмө деп түзөтүү киргизсе болот, бирок баары бир… жаныбарлар кыйналып жатышат да, бул эң башкысы», —деп жооп жазган alfiyushkа деген кодонуучу.

Алардын арасында зоопаркты жактагандар да болушту. Basmano аттуу колдонуучу жапайы жаратылышка карата фантазиясы күч эмес экенин жазды — анын айтымында, жаныбарлар капастарда жакшы эле көрүнүп турушат.

«Аларга бул жак жакшы. Жаратылышта жүргөнгө караганда кыйла жакшы. Болбоду дегенде арстандардын тобунун ээси канча жашай тургандыгын жана ал мурдагы арстандан калган кичинекей күчүктөрдүн баарын кантип өлтүрөрүн карагылачы. Ал зоопаркка бардык нерсени жакшы деп билген элестериңер менен эмес, а АЛАРДЫН — ЧЫНЫГЫ ЖАНЫБАРЛАР экенин билип туруп баргыла», — деп жазды ал.

Чолпон жаныбарларды көрсөтүү үчүн зоопаркка неберелерин ээрчитип келген. Айтымында, жаныбарлар балдарга жакшы таасир калтырды.

«Биздин балдар бул жаныбарларды өз көздөрү менен көргөндүгүнө абдан сүйүнүп жатышат. […] Албетте, кармалып турган капастары бир аз тар, бирок биздин шаар үчүн бул нормалдуу эле го», — деп эсептейт ал.

Жаныбарлардын кармалып туруу шарттары бишкектиктердин нааразычылыктарын биринчи жолу жаратпай эле — Бишкекке көчмө дельфинарий келгенде анын ачылыш күнү активисттер нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Нааразы болгондор дельфинарийдин өзүнө каршы болушуп, андагы жаныбарлардын эркиндикке бошотулушун талап кылышкан.

Видео: Владимир Цай
Со-автор: Эльдияр Арыкбаев