Жалпыга жеткиликтүү статистиканын жыйынтыктары боюнча, Кыргызстан 145 өлкөнүн ичинен 76-орунду ээледи. Индекс эркектер менен аялдардын ортосундагы гендердик ажырымды эсептеп чыгат. Анда алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, билим алуу, ден соолугун чыңдоо шарттары жана саясий укуктары эске алынат.

Кыргызстан 2015-жылы 9 баскычка төмөндөгөн — өткөн жылы өлкө тизменин 67-сабына жазылган болчу.

Гендердик ажырым индекси боюнча биринчи орунда Исландия турат. Борбордук Азия өлкөлөрүндө 47-орунга жайгаштырылган Казакстан алдыда болсо 95 сапка жазылган Тажикстан эң артта.

Кыргызстан 2015-жылы индекстин негизги төрт багыты боюнча төмөндөгүдөй орундарга ээ болгон:

Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү дээрлик 1,4 эсеге аз. Статистика боюнча, аялдардын кирешелери эркектердикине салыштырмалуу эки эсе аз. Ошентип, экономикалык катышуу боюнча өлкө 80-сапка жазылган.

Билим алуунун суб-индекси боюнча, Кыргызстан 81-орунда. Ага жогорку билим алган аялдардын пайыздык көрсөткүчүнүн кыйла көп, 59% болгондугу себеп болгон. Эркектердин 37%ы гана жогорку окуу жайларда окушат.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы шарттар болжол менен эки жыныс үчүн тең бирдей — 64% жана 58%. Өлкө 79-орунда.

Саясий жашоого катышкан аялдардын саны кыйла аз. Парламентте бир аял депутатка төрт эркек депутат туура келет. Министрлер кабинетинде эркектерге караганда аялдар беш эсеге аз. Саясий мүмкүнчүлүктөрдүн деңгээли боюнча Кыргызстандагы ажырым 76-орун менен бааланган.

Глобалдуу индекстин түзүүдө ушул төрт фактор эске алынат. Кыргызстан 0,693 упайга ээ болуп, ал өлкөнү жалпы индексте 76-орунга жайгаштырган.

«Сезим» кризистик борборунунун директору Бүбүсара Рыскулованын айтымында, Кыргызстан 76-орунга татыктуу жайгаштырылган.

«Өткөн жылга салыштырмалуу бизге кайрылган аялдардын саны көбөйдү. Болжол менен 10-12%га. Балким борбор ушундан улам жакшы иштеп баштагандыр», — деди ал.

Бүбүсара Рыскулованын пикиринде, эркектер менен аялдардын ортосундагы мындай ажырымдын негизги себептери мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу, диндердин радикалдашуусу, жашыруун көп аял алуучулук, аракечтик, маңзатын пайдалануу, кумар оюндарына болгон кызыгуу жана башка көрүнүштөр.

«Белгилүү бир өзүнчө себеби жок. Бул көрүнүштөрдүн комплекси», — деди кризитик борбордун директору Kloop.kgге курган маегинде.

Индексте Кыргызстан Чехия, Кытай, Венгрия, Азербайжан, Сирия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн жогору турат. Тизменин эң аягына — 145-орунга — Йемен жайгаштырылган.

Гендердик ажырым индекси — социалдык-экономикалык өнүгүү тармагындагы жалпыга жеткиликтүү статистикалык маалыматтарга негизделген глобалдык изилдөө. Изилдөө өлкөлөрдүн рейтингдери менен коштолот. Ал 2006-жылдан бери жүргүзүлүп келет.

Индекс Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум тарабынан жарыяланды. Изилдөө иштерине Буткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун, Гарвард университетинин жана Беркли калифорния университетинин адистери менен профессорлору катышышкан.