Базар тармагынын өкүлдөрү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги мүчөлүгү боюнча маалымат жыйынын өткөрүшүп, каатчылыктан улам соода болбой жатканын билдиришти.
Кыргызстандагы базарлар жана соода түйүндөр ассоциациясынын башчысы Сергей Пономарев өлкө ЕАЭБге киргенден кийин соода тармагынан 400 миң ишкер кетиши мүмкүндүгүн билдирди.
«Биз соода тармагында жүз миңдеген ишкерлерди жоготуп жатабыз. Расмий түрдө бизде 400 миң, а расмий эмес — андан көбүрөөк. Эгер көйгөйлөр бүгүн чечилбесе, анда алар эч качан чечилбейт, бизнестин спецификасы мына ушундай. Ардактаган жер бош болбойт. Эртең, үч-төрт айдан кийин ал жерлерди ээлей турган башка түзүмдөр пайда болот. А алар Кыргызстанда эмес, а коңшу өлкөлөрдө».
«Дордой» соода-базар комплексинин кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева казак чек арачылары Казакстандан товар алып келе жаткан кыргыз ишкерлеринен мыйзамсыз акча алып жаткандыктарын билдирди.
«Акча алуу чек аранын өзүндө башталды. Чек аранын өзүнөн 30 миң теңге беришти. Аларда унааларды айдап барып карай турган атайын чуңкурлары бар. Аларга бир нерсе жакпай калды окшойт, отургучун чечүүнү өтүнүштү. Айдоочу бир саат соодалашты. Алгач 50 миң теңге сурашкан, бирок акыры ал 30 миңге сүйлөштү. Ал буга кубанды. Мен эгер айдоочу кандайдыр бир мыйзамды бузган болсо анын айдоочулук күбөлүгүн алып алгыла дедим. Айдоочу болсо бизди маршруттук таксинин ичинде күтүп туруубузду өтүндү. Мындай учур үч жолу болгон», — деди ал.
Пономарев сатуулардан алынчу салыктын жогору экендигинен улам Кыргызстандын ишкерлери ЕАЭБдеги кесиптештерине караганда атаандаштакка жарамдуу эместиги тууралуу пикирин билдирди.
«Мен Кыргызстан Казакстанга, Орусияга салыштырмалуу кичинекей экенин айтып жатам. Ошондуктан кичинекей өлкөлөрдүн экономикасы салык салууга карата либералдуураак болушу керек»
Пономарев кыргызстандыктардын айлыктары жогорулап жетишпей жатканынан улам жарандардын приоритеттери өзгөргөнүн айтты.
«Психологиялык учур бар, адамдар кийим эмес, а тамак-аш сатып алып жатышат. Аларда акча жок, анткени маяналары сом менен берилет, а чет өлкөлөрдөн алынып келинген товарлар доллар менен»
Айтымында, мунун баары соодага таасирин тийгизди.
«Соода Хоргосто дагы, Казакстанда дагы, Дордойдо дагы өтө төмөндөп кетти. Чынында эле соода жок, эч жакта соода жок», — деди Пономарев.
Пономарев ишкерлердин жашоолорунун оорлогондугуна бажы кызматтарынын башчыларын айыптады.
«Биз премьерге, вице-премьерге кайрылганбыз. Алар бизди угуп, бизден союздаштарды көрүштү. Баарын токтотуп жаткан — бул бажы кызматы, алардын жетекчилери. Эгер чиновниктер сөгүш алып, бирок көйгөйдү чечишпесе, анда алар кызматтарынан кетиши керек», — деп билдирди ал.
Дөөлөталиева ЕАЭБге кирүүнүн оң жактарын да айтты.
«Алгач Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин чек аралар жабылып, 50 килограммдан ашык жүк алып өтүүгө мүмкүн болбой калган. Биз Бажы биримдигине киргенден кийин чек аралар ачылып, күйүүчү-майлоочу май бажы төлөмдөрүсүз кире баштады», — деди ал.
Өз кезегинде Пономарев эми кыргызстандыктарда сатуу базарларына чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин кошумчалады.
«Биздин тигүүчүлөр лабораториялык талаптардан өтпөй эле коюшса болот, алар жөн гана товарынын зыяндуу эмес экендиги тууралуу тил кат жазышат. Каатчылык болуп, Бажы биримдигине кирүү анча ийгиликтүү эмес учурга туш келип калды. Биз биримдикке киргенден кийинки кемчиликтер кыска гана убакыт болот деп болжолдогонбуз. Биз алгачкы бир жылда көйгөйлөр болот деп айтканбыз, бирок анда доллар мынчалык көтөрүлө элек болчу. Бирок баары бир анын жакшы жактары көп болушу керек»
Дөөлөталиева сөзүн жыйынтыктап жатып маалымат жыйындын максаты Харгосту каралоо болбогондугун билдирди.
«Биздин бул жерге чогулганыбыздын максаты — Хоргоско же дагы башка нерсеге байланыштуу сооданын жоктугу эмес, а жалпы эле сооданын жоктугу тууралуу айтуу. Биздин Хоргосту каралагыбыз келбей эле, бирок биз карап көрдүк — анда кыргызстандык гана эмес казакстандык да соодагерлер жок. 20 чарчы жылына беш миң доллар турат, бирок ал жакка баруу өтө кыйын», — деп жыйынтыктады ал.
Хоргос
Чек аранын жанындагы кызматташуунун «Хоргос» эл аралык борбору — Казакстан менен Кытайдын ортосундагы бажы төлөмдөрүсүз соодалашуу аймагы. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин кыргыз ишкерлери хабга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. «Хоргосто» соодалашуунун Дюти Фри үлгүсү пайдаланылат. «Хоргос» эл аралык борборунун аянты 528 гектарды түзөт.
ЕАЭБ
Кыргызстан 2015-жылдын жайында Орусиянын жетекчилиги алдындагы Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчөсү болгон.
Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында баштап, ал өлкө ичинде бир топ талаш-тартыштарды жараткан.
Өлкө 2014-жылдын майында биримдикке кирүүнүн 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.
Жол картасы өз ичине тийиштүү мыйзамдардын, ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын, бажы жана чек ара бекеттерин кайрадан жабдуу иштерин камтыган.
Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.
Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.
Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет