Акыйкатчы кызматына талапкер болгон Рита Карасартова мамлекеттик укук коргоочуну шайлоодогу добуш берүүнүн мыйзамсыз болгонун сотто далилдөөгө аракет кылууда.

Сот процесси 28-январда, Бишкектин райондор аралык сотунда өттү — акыйкатчы кызматына талапкер болгон юрист Рита Карасартова парламентте добуш берүү процедурасы бузулган деп эсептөөдө.

Анын пикиринде, добуш берүү процесси маалында депутаттар өз ара сүйлөшпөшү керек болчу, анткени добуш берүү жашыруун болгон.

Добуш берүү күнүндө депуттар өз ара сүйлөшүшүп, бири-биринин кандай добуш бергенин карашкан — бул «Азаттык» радиосунун түз трансляциясындагы видеого тартылып алынган.

«Мага аны алардын ички эрежеси деп айтышты. Мен ал эреженин юридикалык негизге ээ же ээ эмес экендигин тактайм. Эгер нормативдик-укуктук актылар бар болсо, мен алар менен таанышып чыгууну каалайм», — деди Карасартова Kloop.kgге курган маегинде.

«Прецеденттин» юристи Эдил Эралиев Kloop.kgге курган маегинде бюллетендерди салчу үкөктөрдүн алдында пикир алмашуу — «Акыйкатчы тууралуу» мыйзамдын 4-беренеси менен «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзамдын 88-беренесин бузуу болуп эсептелерин айтты.

«Талапкер акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңеш тарабынан, бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат», — деп жазылган «Акыйкатчы тууралуу» мыйзамдын 4-бөлүмүнүн 4-беренесинде.

Жашыруун добуш берүү — шайлоонун анонимдүү негизде добуш бере турган түрү.

Карасартова сотто жеңип чыгуу үчүн анда бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт — эгер сот акыйкатчыны шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапса, анда кайрадан шайлоо өтөт.

«Мен өз талапкерлигимди койбойм. Болгону азыркы акыйкатчыны шайлоо мыйзамсыз өткөнүн далилдегим келүүдө», — деди ал.

Акыйкатчыны шайлоо

Парламент акыйкатчыны 30-декабрда шайлаган — анда башкы укук коргоочулукка КТРКнын мурдагы башкы директору, журналист Кубат Оторбаев тандалган.

Депутаттар ага чейин да мамлекеттик укук коргоочуну шайлоого аракет кылышкан, бирок алты парламенттик фракция тарабынан көрсөтүлгөн 8 талапкердин бирин тандоодо бир пикирге келе алышкан эмес.

Шайлоодон кийин «Республика — Ата-Журт» фракциясынан талапкер болгон Рита Карасартова депутаттардын чечими боюнча сотко кайрыла тургандыгын билдирген. Анын пикиринде, акыйкатчыны шайлоо «таза эмес» өткөн.