Ош облусундагы Нура айылынын жашоочусу суук маалда Польшадан келген эки туристти үйүнө киргизип сыйлаган — эми туристтер ага ыраазычылык билдирүү үчүн кыргыз үй-бүлөсүн издей башташты.

Өткөн жылы польшалык саякатчы Дамиан Барански менен анын жолдошу автостоп менен саякаттап жүрүшүп, октябрда «Эркештам» чек ара заставасы аркылуу Кытайдан Кыргызстанга өтүшкөн.

Туристтер түнөп алууга жай таппай суукта көпкө туруп калышкан.

«Качан биз «Эркештам» чек арасынан өткөндө кийинки шаарга баруу үчүн транспорт табууга кеч болуп калган. Биз автостоп менен саякаттап жүргөнбүз, бирок анда бир дагы унаа жок болчу. Биз жакын жердеги Нура деп аталган айылга бардык, кечки саат 10 болуп калган», — деп жазган Барански «Фэйсбуктагы» «Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар» деп аталган топко.

Алар улгайып калган адамды жолуктурушуп, андан кайда мейманкалар бар экендигин жана кийинки шаарга кантип жетип алууга болорун сурашкан. Берки адам болсо көп ойлонбостон эле аларды өз үйүнө түнөп алууга чакырган.

Kloop.kg туристтерди өз үйүнө чакырган адам менен байланышты — ал жергиликтүү бажынын жүк ташуучу жумушчусу Жусуп Асранкулов болуп чыкты. Ал 51 жашта, төрт баласы жана эки небереси бар.

12573111_1023557271019227_7134643165644451998_n-200x130

«Мен «Эркештам» бажысынан келе жатып аларды болжол менен кечки саат жетилерде жолуктургам. Кар жаап, суук болчу. Мен алардын, алар менин тилимди түшүнүшкөн жок. Бирок мен жаңсап алар биздикине түнөп алышса болорун түшүндүргөм», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Баранскинин айтымында, аларды Асранкуловдун жубайы менен небереси тосуп алган. Алар туристтерге түрдүү окуяларды айтышып, меймандос болушкан.

«Эртеси туристтер ыраазычылыктарын билдиришип, унааны күтпөстөн эле жөө кетип калышкан», — деди Асранкулов. Анын айтымында, туристтер кыргыздарды «абдан меймандос эл» деп аташкан.

Учурда Барански ыраазычылык катары меймандос үй ээси менен анын үй-бүлөсүнө белектерди жөнөтүү үчүн анын дарегин жана байланыш маалыматтарын издеп жатат.

25

Нура айылынын айылдык кеңешинин депутаты Бакыт Жороев Kloop.kgге курган маегинде билдиргендей, жергиликтүү жашоочулар Асранкуловду билишет жана чет өлкөлүккө жардам берүүгө даяр.

«Айылда көчө сыяктуу эч нерсе жок. Баары бири-бирин билишет жана аны табууга жардам бере алышат», — деди депутат.