Бийчи Атай Өмүрзаков менен «Тумар» тобу Кыргызстан биринчи жолу катыша турган цирк өнөрүнүн бүткүл дүйнөлүк Mondial du Cirque de Demain фестивалында өнөрлөрүн көрсөтүү үчүн Парижде жүрүшөт.

Цирк өнөрүнүн фестивалы 28-январда ачылды. Француз тилинен «Эртеңки күндүн цирки» деп которулган Mondial du Cirque de Demain — бул 1977-жылы негизделген цирк өнөрүнүн эл аралык сынагы.

Анда бардык өлкөлөрдөн келген жаштар жыл сайын дүйнөлүк цирк жылдыздарынан турган калыстардын алдында өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Быйыл калыстар тобунун курамына Дю Солей циркинин кастинг директору Павел Котов менен Никулин атындагы Москва циркин жетектеген Юрий Никулиндин уулу Максим киришкен.

Кыргызстан фестивалга алгачкы жолу катышып жатат. Өлкөнүн атынан Орусиянын «Минута славы» шоусуна катышып, экинчи орун алгандан кийин атактуулукка жеткен Атай Өмүрзаков өнөрүн көрсөтөт.

Өмүрзаков сынакка «Тумар» бий тобу менен бирге келген.

Бийчи Kloop.kgге курган маегинде команда толкунданып жатканын айтты.

«Жеңишке үмүт деле кылбай элебиз. Фестивалга катышууну жөн гана жаңы тажрыйба катары кабыл алуудабыз», — деп белгиледи ал.

Өмүрзаков фестивалга катышууга чакыруу алгандан бери даярданып жатканын айтты.

«Фестивалга катышууну бир жыл мурда алганбыз, уюштуруучулар бизди Интернеттен көрүп калышып, Америкадагы агентибиз аркылуу биз менен байланышышкан. Биз мунун эмне болгон конкурстук программа экенин Праижге келгенге чейин билген эмеспиз», — деди ал.

Бийчилер «мимист актер» категориясы боюнча катышышып, «Оркестр» номурунун жаңыланган вариантын көрсөтүшөт.

«Алар [уюштуруучулар] номурду өзүлөрү тандашты», — деди Өмүрзаков.

37-жолу өткөрүлүп жаткан фестиваль 2016-жылдын 28-январынан 30-январына чейин  «Phenix» циркинде болот. Ага Орусия, Канада, Франция, Жапония, Бельгия жана Кыргызстандан барган жыйырма беш жашка чейинки 20 өнөрпоз катышат.

Автор: Айдана Апазбекова