Орусияга кетип жаткан мигранттар «кара тизмеден» чыгуу боюнча жардам сурап кайсыл мекемеге кайрылууну билбей жатышат, анткени Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министрликтери бириктирилгенден кийин миграция боюнча облустук бөлүмдөр жабылып калган.

Калыскан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жашайт. Ал жолдошу менен Орусияга үч жыл мурда кеткен.

Балалуу болгондон кийин аны ата-энесине көрсөтүү үчүн 2015-жылдын апрелинде кайра Кыргызстанга келген.

Үч ай өткөндөн кийин ал Орусияны көздөй жөнөгөн, бирок Ош аба майданынан ал «кара тизмеде» (Орусияга кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандардын тизмеси) экенин айтышкан.

«Азыр балам бир жарымда. Жолдошум экөөбүз күн сайын WhatsApp аркылуу сүйлөшөбүз, мен ага баламдын видеолорун жөнөтөм. Ал үй-бүлөдө жалгыз. Анан албетте сагынып жатат да», — деди ал.

Калыскан «кара тизмеден» чыгууга жардам сурап Кызыл-Кыядагы миграция бөлүмүнө кайрылган. Бирок алар Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министрликтери бириктирилгенден кийин бөлүм жоюлуп кеткендиктен арыз кабыл албай тургандыктарын айтышкан.

2015-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөнгө чейин миграция маселелерине Эмгек министрлиги жооп берип келген. Эми бул тармак үчүн жакында эле түзүлгөн Миграция боюнча мамлекеттик кызмат жооп берет.

Кадрлар жетишсиз

Мекеменин басма сөз кызматынын милдетин аткаруучу Айсулуу Исабекова азыр кызматта «адистер жетишсиз» экенин билдирди.

Айтымында, Кыргызстандын түштүгүндөгү — Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы мигранттарга Оштогу маалымат борборунда иштеген үч гана кызматкер жардам берип жатат.

«Азырынча жок дегенде ушундай болуп турсун, анткени түштүк аймакта миграция абдан көп», — деди Исабекова.

Аны менен катар Оштогу борбор «кара тизмеден» чыгуу боюнча арыздарды кабыл албайт, болгону кеңеш гана бере алат.

Санкт-Петербургдагы мигранттар документ алуу үчүн кезекте турушат. Сүрөт: Зарема Султанбекова.
Санкт-Петербургдагы мигранттар документ алуу үчүн кезекте турушат. Сүрөт: Зарема Султанбекова.

Исабекова өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөндөн кийин миграция боюнча бардык бөлүмдөр жоюлганын ырастады.

«Аймактык өкүлчүлүктөр бар кезде андагы тизмеге түшүп калган жашоочулардын арыздарын ошолор кабыл алышчу. Кийин аларды борбордук аппаратка жөнөтүшчү, биз арыздарды иреттеп, мүмкүнчүлүккө жараша 1-2 айда бир жолу жеткирип турчубуз. Орусиянын Федералдык миграция кызматы 2-3 айдын ичинде алардын максатка ылайыктуулугун карап, чыгарчуларын тизмеден чыгарышчу», — деди Исабекова.

Арыздар Бишкекте гана кабыл алынат

Азыр «кара тизмедеги» мигранттар маселеси менен Бишкектеги Миграция боюнча маалыматтык-консультациялык борбор гана алектенет.

Ал борбордун кызматкери Мира Малабекова Kloop.kgге миграция боюнча бөлүмдөр облустарда да ачылса дейт, анткени Бишкектеги борбор мигранттардан көптөгөн нааразы болгон пикирлерди угууда.

«Райондордогу бөлүмдөр тууралуу айтпай калдык. […] Азырынча аны менен жетекчилик алектенип жатат, бирок өкмөт тараптан эч кандай жөндүү жооп уга элекпиз», — деди ал.

Анын айтымында, алыскы аймактарда жашаган жарандар арыз берүү үчүн Бишкекке келүүгө аргасыз болушууда.

«Чүй же Талас облустарынан эптеп Бишкекке келсе болот. А эгер Баткен облусунан келиш керек болсочу? Анда жолго эле 3-4 миң сом коротууга туура келет. Арыз жазуу үчүн ал бир апта убактысын кетириши керек болот», — деп түшүндүрдү борбордун кызматкери.

Малабекова азыр «кара тизмеде» 100 миңден ашык кыргызстандык бар экенин айтты. Анын маалыматы боюнча, 2015-жылдын сентябрь-октябрь айларында алардын саны 76 миң болчу.

Азырынча Миграция боюнча мамлекеттик кызматтан кеңеш берүү борборлорундагы адистердин санын көбөйтүп, мекеменин веб-сайтын иштеп чыгууну убадалап жатышат.

Учурда миграция маселелери боюнча тынымсыз байланыш кызматы иштейт. Кыргызстандыктар 189 номуруна телефон чалып, кеңеш ала алышат.

Дээрлик бир жыл...

Калыскан менен баласынын жолдошун көрө элегине жакында бир жыл болот. Азыр ал инсульттан кийин калыбына келип баштаган 85 жаштагы атасын багууда.

Кызыл-Кыяда алар ата-энесинин 10 миңдик пенсиясына жана Орусиядан жолдошу салган акчага жашашат — күйөөсү айына 3 миңден 6 миң сомго чейин акча салат.

Калыскан жолдошу экөө биригип Орусияда айына 770 АКШ долларын иштеп табышчу.

Ал «кара тизмеден» чыкса эле «ойлонбой» туруп күйөөсүнө бара тургандыгын айтты.

«Биз Кыргызстанга кайрадан 10-15 жылдан кийин көчүп келели деп атабыз. Жолдошум бул жакка келип иштеп, биз менен бирге болууну каалап жатат», — деди ал.