Кыйноолордун жазаланбагандыгы, укук коргоочуларды, журналисттерди жана жактоочуларды куугунтуктап, кысымга алуу, үй-бүлөлүк зомбулук жана ЛГБТны басмырлоо — эл аралык Human Right Watch уюмунун отчетунда Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал мына ушундай деп баяндалган.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму 27-январда адам укуктары боюнча жыл сайын чыгарылчу бүткүл дүйнөлүк отчетун жарыялады.

Анда Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал «чечилбеген жана кайрадан пайда болуп жаткан көйгөйлөр менен бузулган» деп баяндалган.  

Сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү

«Айрым укук коргоо топтору, журналисттер жана жактоочулар бийлик тарабынан куугунтуктоолор менен кысым көрсөтүүлөргө дуушар болушкан. Кыйноолор менен жол берилбеген мамилелердин жазаланбагандыгы сакталууда, 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу маалында жабыр тарткандар дагы деле сот адилеттиги менен камсыз кылынбай келет», — деп жазылган отчётто.

Уюм бийлик 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуу маалында жабыр тарткандарды сот адилеттиги менен камсыз кылуудан баш тартып жаткандыгын жазган.

HRW өлтүрүүлөрдүн, негизсиз кармоолордун, жол берилгис мамиле кылуулардын, кыйноолордун жана үйлөрдү талкалоолордун  курмандыктары көбүнчө этникалык өзбектер болгондугун белгилеген.

«Апрелде 2011-жылдан бери улуттар аралык кагылышуулар маалындагы адам өлтүрүүлөр иши боюнча иши сотто болгон этникалык өзбек Махамад Бизуруков 13 жылга соттолгон. Августта аны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотушкан», — деп жазган укук коргоо уюму.

HRW Кыргызстандын бийлигин «улуттар аралык ынтыкмакташууга көмөктөшүү» үчүн жарандык коомчулук менен өз ара аракеттешүүнү жөнгө чалууга чакырган БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун билдирүүсүнө шилтеме жасаган.

Кыйноолор

2015-жылдын май айынан бери Башкы прокуратуранын алдында өзүнчө тергөө тобу иштеп келет. Бирок кыйноолор менен уруксат берилбеген мамиле жасоолор тууралуу арыздар боюнча кылмыш иштери сейрек козголот. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, кыйноолор тууралуу катталган арыздардын дээрлик 82%ы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Отчётто тергөө иштери сот процесси сыяктуу эле көбүнчө создуктурулуп, натыйжасыз жүргүзүлөрү жазылган.

«Октябрда Сокулук райондук соту төрт жылга созулган сот жараянын аяктады, анын жыйынтыгында 2011-жылы милициядан алган жаракаттарынан улам каза болгон этникалык өзбек Усманжон Холмирзаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон төрт милиция кызматкери акталды», — деп жазылган баяндамада.

Жарандык коом

HRW жарандык коомдун укуктары бузулган учурлар да бар экенин жазган.

«Мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Оштогу эки укук коргоочу-жактоочунун батирлери менен кеңселеринде тинтүү иштерин өткөрүшкөн. Анда алардын жактоосундагы адамдардын жашыруун маалыматтары, компьютерлер жана башка техникалар алынган», — деп жазылган баяндамада.

Кийин Жогорку сот ал тинтүү иштеринин мыйзамсыз болгондугу тууралуу чечим чыгарган.

Жергиликтүү жана эл аралык демократиялык институттар «чет элдик тыңчылар тууралуу» мыйзам жөнүндө терс пикирлерин билдиришкен. Ага карабастан документ өлкөнүн парламенти тарабынан биринчи окууда кабыл алынган. 2016-жылдын февралында мыйзамды экинчи окууда талкуулоо пландалууда.

ЛГБТ

Таасирдүү мамлекеттик ишмерлер менен жеке адамдар ЛГБТ укуктарын жазага тартылбастан эле бузуп жатышат.

«Апрелде ЛГБТ укуктарын коргогон «Лабрис» тобунун кеңсесине күйүүчү аралашмалар куюлган бөтөлкөлөр ыргытылган, эч ким жабыркаган эмес», — деп мисал келтирилген отчетто.

Баяндамада «гейлерге каршы» мыйзам да каралган. Human Rights Watch мыйзамдын эки окууда кабыл алынышын айыптап, аны чакырып алууну сунуштоодо.

«Мыйзам долбоорунун талкууланышы расмий адамдар тарабынан гомофобдук жана басмырлоочу сөздөрдүн айтылышы менен коштолгон», — деп белгиленген документте.

Аялдарга карата зомбулук

Human Rights Watch уюмун аялдар менен кыздарга карата зомбулук көрсөтүү көйгөйү да тынчсыздандырууда. Укук коргоо уюмунун малыматтары боюнча, катаал мамилелердин себептери болуп жардам берүү кызматтарынан жетишсиздиги, айрым учурларда алардын аракетсиздиги менен көңүл коштугу эсептелет.

«Укук коргоо органдары коргоо ордерлеринин системалуу аткарылышын камсыз кылышпайт, үй-бүлө зомбулуктары тууралуу арыздар сотко чейин сейрек жетет», — деп жазылган баяндамада.

Ошондой эле аялдар стигмалардан (ярлык илүү), экономикалык көз карандуулуктан жана үй-бүлө зомбулугуна тиешеси бар адамдардын өч алууларынан коркушат.

Парламенттик шайлоо

Кыргызстандагы акыркы парламентик шайлоону шайлоочуларга кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берген, атаандаштык негизде өткөн шайлоо деп аташты. Бирок олуттуу процедуралык көйгөйлөрдүн бар экендиги белгиленүүдө. Алсак, Европа кеңешинин Венециан комиссиясы өлкө парламентине Конституциялык палатанын мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгынын кепилдигин киргизүүнү сунуштаган.

Алардын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгы белгиленген. Анын кызматтан кетишин колдоп 105 депутаттын 83ү добуш берген. Сооронкулованы кызматтан кетирүүгө анын Конституциялык палатанын чечими чыга электе эле биометрикалык маалыматтар тууралуу терс пикирин билдиргендиги себеп болгон.

Human Rights Watch — дүйнөнүн 70 өлкөсүндө адам укуктарынын бузулушуна байкоо салуу жана иликтөө менен алектенген бейөкмөт уюм. Ал жыл сайын документтештирилген маалыматтардын негизинде отчётторду жарыялап турат. Уюм жеке садагалардын эсебинде иш алып барат.