Президент журналист Дайырбек Орунбеков «кимдир-бирөө берген акчаны акташ үчүн иштеп жатат» деп аны кемсинткен эмес, а «гипотезалык божомол жасаган», деп билдирди сотто мамлекет башчысынын өкүлү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган доо арызын карап баштады.

Журналисттин нааразы болуусуна ал «кимдир-бирөө берген акчаны акташ үчүн иштеп жатат» деген өлкө башчысынын айткандары себеп болгон. Мындай пикирин президент 24-декабрда, 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирген.

Орунбеков сот президенттин ал айткандарын жалган деп таап, Атамбаевди эл алдында төгүндөө жасап, компенсация катары бир сом төлөп берүүгө милдеттендиришин талап кылууда.

Сотто президенттин өкүлү Чынара Мусабекова журналист Атамбаевдин айткандарын «туура эмес, өтө эле жалпылап түшүнүп, баарын өзүнө кабыл алып жатат» деп билдирди.

Ал Орунбековдун дооматтарын «негизсиз жана субъективдүү» деп атады.

Мусабекованын айтымында, «кандайдыр бир» жана «кайсыл бир жерде» деген сөздөр гипотезалык мүнөзгө ээ жана алардын анык же анык эмес экенин текшерүүгө мүмкүн эмес.

«Бул абстрактуу түшүнүктөр. Эгер кандайдыр бир конкреттүү айтылган сөз болсо аны текшерүүгө болмок. Сот аларды чындыкка дал келээр же келбестиги боюнча карай албайт […] Бул гипотезалык божомол, баалоочу, субъективдүү пикир», — деди ал.

Мусабекова президенттин айткандары болгону божомолдоо болгондуктан, алар кемсинтүүчү болушу мүмкүн эмес экенин билдирди.

«Айтылган сөздөрдүн кемсинтүүчү болуп эсептелбестиги ачык көрүнүп турат. Ал [президент] кандайдыр бир терс баа берген эмес, а болгону божомол жасаган. Алсак, [президенттин сөзүндөгү] «отрабатывает» деген сөз кеңири мааниде пайдаланылат жана терминологияда кемсинтүүчү катары кабыл алынбайт», — деп эсептейт ал.

Орунбековдун өкүлү мындай позиция менен макул болгон жок.

Журналисттин өзү сотто өз пикирин айта алган жок: ал орус тилинде оюн эркин түшүндүрө албайт, а сот кыргыз тилинде сүйөөгө уруксат берген жок.

Судья муну «кемсинтүүчү» сөздөр кайсыл тилде айтылса процесс ошол тилде өткөрүлүшү керектиги менен түшүндүрүп, кийинки жыйынга котормочу алып келүүнү сунуштады.

«Жоопкер жогорку саясий кызматты ээлеп тургандыктан, анын ар-намыс менен кадыр-баркты түшүрүүгө эч кандай укугу жок болчу деп эсептейбиз. [Кимдир бирөөнүн акчасын акташ үчүн иштеп жаткандыгы тууралуу] божомолдор жалган, анткени алар эч кандай фактыларга негизделген эмес», — деди журналисттин өкүлү Мукаш Амангелдиев.

Бул Кыргызстандын президентинин үстүнөн жазылган арыз соттун кароосуна кабыл алынган алгачкы учур. Орунбековго чейин өлкө башчысын юрист Нурбек Токтакунов да сотко берген.

Токтакунов дагы президенттин биометрикалык маалыматтарды топтоонун айланасындагы соттук талаш-тартыш тууралуу айткандарына нааразы болуп, Атамбаевди ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинтүүгө айыптаган. Бирок сот анын арызын эки жолу кабыл алуудан баш тарткан.