Эгер парламент мыйзам долбоорун кабыл алса салык текшерүүлөрүн жүргүзүүгө 1-апрелден 31-декабрга чейин тыюу салынат.

Президенттик социал-демократтар фракциясынын депутаттары салык текшерүүлөрүнө 2016-жылдын аягына чейин мораторий киргизүүнү сунушташты.

Документке ылайык, депутаттар чет өлкөлөрдүн сурамдары, документ жүзүндө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жана кылмыш иштеринин алкагындагы текшерүүлөрдөн башка салык текшерүүлөрүнүн дээрлик бардык түрүнө тыюу салууну сунуштап жатышат.

Парламентарийлер мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта документ ишкерлик субъектилерге жүктөлгөн административдик оордуктарды убактылуу жеңилдетүү, жарандарды экономикалык активдештирүү жана ишкерлик субъектилер менен калктын жумуштуулугунун санын көбөйтүү максатында иштелип чыккандыгын жазышкан.

«[Мораторий] ишкерлердин салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө, ошондой эле салык органдары менен талашып-тартышууга короткон убактылары менен каржы ресурстарын үнөмдөөсүнө жардам берет», — деп жазышкан депутаттар.

Парламентарийлердин пикиринде, мораторий «ишкерлердин эртеңки күнгө болгон ишенимдерин арттырат».

«Ал (ишкер — редакциянын түшүндүрмөсү) олчойгон айып салып, өндүрүштү токтотуп, документтерин же кирешесин ала турган салыкчылар келбейт деп ишенимдүү болот», — деп жазылган документте.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков Kloop.kgге бул боюнча акыркы чечимди парламент кабыл аларын жана Салык кызматы депутаттардын мыйзам долбоорун кабыл алуу же албашына жараша иш кыла тургандыгын айтты.

Бишкек ишкерлер клубунун төрайымы Бурул Фаридинова Kloop.kgге курган маегинде мораторийдин киргизилишин «каатчылык шартындагы позитивдүү учур» деп атады.

«Качан [бизнес] текшерүүлөрдөн бошотулганда ал бардык оюн жалгыз ишмердүүлүгүнө гана топтоштуруу жана каатчылыктын терс таасирлеринен кутулуу үчүн бардык аракеттерди көрүү  мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», — деди ал.

Фаридинованын айтымында, мораторий «терс натыйжаларга да» ээ — тыюу салуу мөөнөтү аяктагандан кийин бизнести мурдагыдан катаал текшерүүлөр күтүшү мүмкүн.

«Текшерүү органдары бир жыл ичинде кое берген нерселерин табууга аракет кылышып, бизнести башаламан, тоскоолдуксуз текшерип баштоолору мүмкүн. Мораторий киргизүүгө өтө кылдат мамиле кылуу керек», — деди ал.

Фаридинованын айтымында, мыйзам долбоорунун кабыл алынуу ыктымалдыгы жогору, анткени парламенттин 2015-жылдын октябрында шайланган жаңы чакырылышы «бизнеске көбүрөөк ыктаган, жакшы түшүнгөндөрдөн турат».