1-февралдан баштап банктар доллар менен берилген ипотекалык насыяларды улуттук валютага которушу керек болот, деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Доллар менен берилген ипотекалык насыяларды сомго которуудагы айырмачылыкты мамлекеттик бюджет өзүнө алат, деди министрлер кабинетинин басма сөз катчысы Назира Ахмедова Kloop.kgге курган маегинде.

Өкмөттө буйрукка премьер-министр Темир Сариевдин кол коюсун күтүп жатышат.

«Буйрук премьер-министрде, токтомду бүгүн өкмөт жактырды. 1-февралдан баштап ипотекалык насыя алган адамдар, юридикалык жактар эмес, карапайым жарандар банктан [доллар менен алынган насыяларын] сомго которуулары керек болот», — деди ал.

Ахмедованын айтымында, бул доллардын курсу насыя төлөмдөрүнүн акыркы суммасына таасир этпеши үчүн жасалат.

Басма сөз катчы буйрук тууралуу бул маселеге арналган 1-февралда болчу маалымат жыйынында кененирээк маалымат берүүнү убадалады.

Ноябрдын аягында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен парламенттин айрым депутаттары Улуттук банкка жарандардын чет элдик валюталар менен алган карыздарын улуттук валютага которуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташкан.

Бир канча убакыттан кийин Улуттук банк айрым нормативдик укуктук актыларга толуктоолорду киргизүү долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Документте банктар менен кичи насыя берүү компанияларынын жеке тараптарга ипотекалык жана керектөө насыяларын чет өлкөлүк валюталарда берүүсүнө толугу менен тыюу салуу сунушталган.

Улуттук банк тыюу салуу чаралары Кыргызстандын экономикасынын долларлашуу деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшүүсү керек деп түшүндүргөн. Билдирүү доллардын курсунун 55 сомдон 76 сомго чейин кескин жогорулашынын фонунда жасалган.

Автор: Айдана Апазбекова