Салтанат Тынарбек кызы дээрлик бир жылдан бери британ онлайн-дүкөнү үчүн колго жасалган жасалгаларды даярдоо менен алектенет. Айтымында, анын иштеп тапкан акчасы өзүнө жетет.

Салтанат — үй кожойкеси, бир жарым жаштагы баласы бар. Азырынча анда дайыма иштей турган жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок, анын өзүнүн деле андай жумуштарга баруу каалоосу күч эмес.

«Менин кесибим котормочу, бирок көңүлүмө жасалгаларды жасоо көбүрөөк жагат. Азырынча жумуш издөө пландарым жок», — дейт ал.

Ал теледен колго жасалган асыл мончокторду көрүп, жагып калгандан кийин өз алдынча жасап көрүүнү чечкен. Андай жасалганы даярдоого ал үч-төрт күнүн короткон. Салтанатка жасалгаларды жасоо жагып калып, досторуна да жасап берип баштаган.

Ал жасалгаларын көчөдөн өтүп бара жаткандардын бирөөсү мойнундагыдай асыл мончокторду кайсыл жактан сатып алса болорун сурагандан кийин сатып көрүүнү чечкен.

«Мен ага өзүм жасаганымды айттым. Ал: “Кандай сонун. Мен сизге буйрутма берейин мага да ушундай жасап бериңизчи”, деди. Мен макул болдум», — деди ал.

Салтанат жасалгаларды даярдоо менен котормочу болуп иштеп жүргөн кезде тапкандагыдай эле акча таба тургандыгын айтты.

«Мисалы, мен штаттан сырткаркы котормочу болуп жүргөн кезде үч күндө беш миң сомго жакын алчумун. Эгер азыр 2-3 күн тынбай иштесем 10го жакын жасалга жасайм, болжол менен алардын баасы да беш миңге жакын болот», — деди ал.

2015-жылдын декабрында ал Лондондогу «Poor But Sexy» деген интернет-дүкөн менен кызматташып баштаган. Анда анын жасалгалары ондогон жана жүздөгөн фунтка сатылат.

Анын колунан жаралган буюмдардын баалары иштин оордугуна жана материалдардын баасына жараша болот. Иштин оордугуна жараша бир жасалганы жасоого эки сааттан бир нече күнгө чейинки убакыт кетет.

Салтанат жасалгаларды даярдоо үчүн табигый жана жасалма таштарды, айнек жана желим сыңар мончокторун, жибек жиптери менен түрдүү фурнитураларды пайдаланат. Ал материалдардын көбүн Алматыга буйрутма берип алат — Кыргызстанда чех жана жапон шурулары жана айрым таштар сатылбайт.

«Мен [жасалгаларды] бул жакта сатылып жаткан кытай сыңар мончокторунан жасап көрөйүн дегем. Бирок болбой койду, анткени алардын кырлары өтө тегиз эмес жана тез сынат экен, тагыраагы сапатсыз экен», — деди Салтанат.

Айтымында, ал материалдардын өзүнөн жана жаратылыштан эргүү алат. Кээ бир учурларда буйрутма берген кардарлары менен алардын жашоо мүнөздөрү эргүү берет.

«Мага конкреттүү бир нерсени эмес, а ыңгайлуу бир нерсе кылып берүүмдү өтүнүп буйрутма бергендер көп эле болот. Мен кардардын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын карап, анын өзүнө, денесинин түсүнө, мойнунун узундугуна карап эргүү алам», — деди ал.

Салтанаттын айтымында, кайын атасы менен кайын энеси түшүнүктүү, анын хэнд мэйд менен алектенүүсүнө уруксат беришип, баласын кароого жардам беришет.

«Мен кайын ата жана кайын энем менен жашайм, алар түшүнүктүү, жардам берип колдоп турушат. Мен материалдарды алып келишим же жолугушууга барышым керек болсо кайын энем жиберет. Бул үчүн мен аларга ыраазымын», — деди ал.

Видео: Хлоя Гейне