Быйылкы кыш Бишкекте кышка анчалык окшобой эле, кар дагы болгону бир нече жолу гана жаады. Kloop.kg борбор калаанын жашоочуларын февралда кандай аба ырайы күтүп турганын жана быйылкы кышты өтө эле жылуу деп эсептесе болор-болбостугун билүүгө аракет кылды.

«Gismeteo.ru» сайтындагы маалыматка ылайык, негизинен февралда бишкектиктерди жылуу аба ырайы күтүп турат. Абанын температурасы -4 градустан төмөн түшпөйт, негизинен термометрдин көрсөткүчү нөлдөн жогорку көрсөткүчтө кармалып турат. Айдын аягында аба ырайынын +11ге чейин жылышы күтүлөт.

Бирок Кыргызгидрометборбордун Метеобожомолдор бөлүмүнүн жетекчиси Махбуба Касымова Kloop.kgнин кабарчысынын кыштын жылуулугу тууралуу пикири менен макул болгон жок — ал быйылкы кышты «суук эмес» деп атады, бирок былтыркыга караганда жылуураак болуп жатканын мойнуна алды.

«Мен кышты өтө жылуу болуп жатат деп айтпайм, анткени өткөн жылдары аба ырайы бир апта бою 15 градустан жогору болуп турган учурлар болгон. Быйыл андай эмес», — деди Касымова.

Анын айтымында, быйыл февраль айынын жылуу болушу күтүлөт: күндүз абанын температурасы 1-6 градустан 7-12 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -5тен +5ке чейин болуп өзгөрүлүп турат.

Эколог Эмил Шүкүров аба ырайы жылуу болуп же суук болуп баратат деп так кесе айтууну туура эмес деп эсептейт, бирок ал климатта өзгөрүүлөр болуп жатканын четке какпайт.

Анын пикиринде, өзгөрүүлөр парник газынын көбөйүшү жана тропикалык токойлордун аянттарынын азайгандыгынан улам биосферанын бузулуп жатканына байланыштуу.

«Аба ырайы кескин жылыйт же суук болот деп алдын ала айтуу — бул жөн гана алдмачылык, анткени чынында бул механизмдин [биосферанын ишинин] бузулушу, климат башаламан өзгөрүүдө: азыр ал жылууга барып тиет, эртең суукка», — деди Шүкүров.

Ал туруктуу климатка ар бир өлкөнүн аянтынын 60 пайыздан кем эмес аянтын жапайы жаратылыш ээлеп турган шартта гана жетишүүгө болот деп божомолдоду.

Видео: Тилек Бейшеналиев жана Азат Рузиев