Сейил багында чемичке чаккан Акшоола Болотова өз жанын кыйууга аракет кылган эмес — бул тууралуу кыздын өзү Бишкек мэриясынын өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.

Бишкек бийлиги 19 жаштагы Акшоола Болотовага эки миң сом айып пул салды — кыз сейил багында чемичке чагып, ал булгаган жерлерди мамлекет тазалашы керектигин айткандыгы тартылган видео жарыялангандан кийин белгилүү болуп калган.

Кыздын өзү буга чейин айрым басылмалар жазгандай өз жанын кыйууга аракет кылбагандыгын айтты.

«Анын баары калп, чындыкка туура келбейт. Апам өз жанын кыйууга аракет кылган дегенди укканда абдан капаланды», — деди Болотова.

Ал айып пул төлөөгө макул болду, бирок видео «прикол үчүн» тартылганын айтты. Болотова видео күзүндө эле тартылганын жана ал үчүн анын үч айдан кийин талкууланып башталганы күтүүсүз болгонун кошумчалады.

«Мамлекет төлөп берет»

Кыздын видеосу социалдык түйүндөрдүн кыргыз сегменти менен маалымат агенттиктеринин сайтында кызуу талкуу жараткан.

Колдонуучуларды кыздын таштанды көйгөйүнө карата жасаган мамилеси кыжырданткан — Болотова видеодо ал булгаган жерди шаардык кызматтар тазалашы керектигин, анткени аларга мамлекет акча төлөп жаткандыгын айткан.

«Сейил бактар аларды булгаш үчүн да. Ал жактарды мамлекет тазалашы керек», — деген Болотова.

Бул сөзөрдөн кийин социалдык түйүндөрдө кыз көптөгөн сындарга кабылган — колдонуучулар аны «шелуха», «мырк», «айылдык жинди» жана «мамбет» деп аташкан.

Интернеттеги кодулоо көйгөйү

«Заноза» маалымат агенттиги жеке булактарына шилтеме жасоо менен Болотова таблеткалардын жардамы менен өз жанын кыйууга аракет кылгандыгы тууралуу жаңылык жарыялаган.

Бирок ал маалымат башка басылмалар жана шаардык оорукана тарабынан ырасталган эмес.

Ошентсе да ал билдирүү интернеттеги кодулоо маселесин көтөрүп, колдонуучулардын бир тобу кызды жайына коюуну өтүнүп башташкан.

«Дагы канча айтасыңар! Анын психикасын эзгениңерди токтоткула! Бул тема башка адамдарды да кыжырдантып баштады!» — деп жазган Салтанат Болотбеков аттуу колдонуучу.

«Адамдар! Айыптабаш керек, жөн гана өзүбүз туура нерселерди жасап башташыбыз керек. Биздин арабызда ал чемичке кабыктарын болбогон акчага тазалаган адамдардын эмгектерин баалабагандар абдан көп. Болгону биздин эл шаарыбызды баалап, бир нерсе кылып башташы керек. А бул адамдарды жашоо өзү жазалайт», — деп жазган Тилек Маратов деген колдонуучу.