Kloop.kg Бишкектин айланасындагы тоо лыжа базаларында эс алууга арналган репортаждар сериясын баштайт. Бул жолкусунда «ЗиЛ» базасы тууралуу кеп болот — эс алуу канча турат, кантип барууга болот жана андагы тейлөөнүн сапаты.

*Транспорт, керектүү жарак-жабдыктарды кирелөө жана skipass «ЗиЛ» тоо лыжа базасы тарабынан берилди

Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Эльнура Алканованын атынан жүрөт:

Бекеринен биздин кичинекей өлкөбүздү Швейцариянын тоо лыжа курорттору менен көп салыштырышпаса керек. Жергиликтүү жашоочулардын көбү (чет өлкөлүктөрдүн көбү да) Кыргызстандын тоо-спорттук туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң потенциалы бар деп эсептешет.

Бирок, мен Бишкекке жакын жайгашкан тоо лыжа базаларынын көбүн кыдырып чыккандан кийин Кыргызстандын совет мезгилинде эле тоо лыжа спорту менен атагы чыкканын түшүндүм: ал тууралуу көпчүлүгү ошол мезгилде курулган курорттор айтып турат.

Албетте, кыргыз тоо лыжа спорту эл аралык деңгээлге жетиш үчүн дагы өсүп, өнүгүүсү керек, бирок ал азыр эле чоң артыкчылыкка ээ — бир дагы өлкөдө лыжа же сноуборд менен бир күндүк эс алууну 20 доллардан ашык эмес каражатка уюштуруу мүмкүн эмес.

«ЗиЛ» тоо лыжа базасы шаардын жогорку тарабында жайгашкан жана ага чейин 35 мүнөттө эле жетүүгө болот. Дем алыш күндөрү базага эртең мененки саат 8ден баштап «Дордой Плаза» соода комлексинин алдында күтүп ала турган кичи автобус менен барууга болот. Өзүңүз менен тамак-аш алып алууну сунуштайм — силер түштөнүү маалында тоо лыжа комплекси тарабынан бекер берилчү жайлуу орун таба аласыңар. Ошондой болсо да силер эч кандай көйгөйсүз эле андагы ресторандардан тамактанып деле алсаңар болот, андагы баалар анчалык кымбат эмес.

«ЗиЛ» шаардыктардын арасында трассасынын үйрөнчүктөр менен катар эле түрдүү тажрыйбаларды жасоодон коркпогондор үчүн да ыңгайлуу экендиги менен белгилүү.

Иштөө убактысы: 9:00дөн 16:00гө чейин.

Аралыгы: Бишкектен 35 чакырым алыстыкта.

Транспорт: маршруттук такси менен барып келүү 250 сом.

Керектүү жарак-жабдыктардын кире акысы: 600 сом.

Кирүү:

— Чоңдор үчүн — иш күндөрү 600 сом, дем алыш жана майрам күндөрү 1000 сом;

— Балдар үчүн — иш күндөрү 400 сом, дем алыш күндөрү 600 сом.

Үйрөнчүктөр үчүн аркан жол (канатка): Чоңдорго — 500 сом, балдарга — 300 сом.

Түшүүнүн узундугу: 3,5 чакырым.

Үйрөтүүчүнүн кызматтары: сүйлөшкөнгө жараша болот.

Кафедеги орточо чек: 200-400 сом.

Мейманкана: эконом — 1000 сом, люкс — 6000 сом.

Авторлор: Эльнура Алканова, Азат Рузиев

Видео: Тилек Бейшеналы уулу