Ленинское айылынын чек ара аймагында акча алмаштыруу жайлары, кафе жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бир катар соода комплекстери жабылды. Ишкерлер алардын электр өткөрүү чубалгыларын үзүп салышканын айтып даттанышууда. Жергиликтүү чиновниктердин айтымдарында, жарык өкмөттүн демилгеси менен өчүрүлгөн.

Гүлзина Чотбаева Казакстан менен болгон чек арадагы «Ак-Жол» бажы пунктунан алыс эмес жердеги бир нече соода жайына ээлик кылат. Ал Kloop.kgге курган маегинде 2-3 күн мурда белгисиз адамдар анын соода жайларындагы электр жарыгын өчүрүп кеткендиктерин айтты.

Андан сырткары ал жактагы башка ишкерлер да электр жарыгысыз калышып, анын айынан өз ишмердүүлүктөрүн токтотууга аргасыз болушкан.

«20-январда бизге келчү жол тосулуп, 22-январда жарыгыбызды өчүрүштү. Бийликтин аракеттеринин жыйынтыгында биз мында кандайдыр бир ишмердүүлүк кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап отурабыз. Менде [жердин] ижара акысын төлөө боюнча 49 жылдык келишимим бар», — деп билдирди Чотбаева.

Аламүдүн районунун мамэкотехинспекциянын начальниги Айбек Жүзүмалиев соода жайларындагы электр энергиясы райондук администрациянын тапшырмасы боюнча өчүрүлгөнүн билдирди. Ал өткөн жылы, өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатканда алынган өкмөттүн протоколдук тапшырмасына шилтеме кылууда.

«Ал жактагы объектилердин бардыгын алуу боюнча протоколдук тапшырманы өлкө Бажы биримдигине кирип жатканда алганбыз. Ал биздин чек ара — биз [аны] Бажы биримдигинин эрежелерине тууралашыбыз керек болчу. А азыр болсо менден электр жарыгын өчүрүшүмдү талап кылышты. Силер [Аламүдүн районунун — редакциянын түшүндүрмөсү] акимдин оорун басарына барсаңар болот — ошол буйрук кылган», — деди ал.

Видео: Владимир Цай