Өзүнө бензин чачып өрт койгон эркек киши ооруканага 30-январда жеткирилип, эртеси каза болду. Анын өзүн өзү өрттөөгө баргандыгынын болжолдуу себеби — үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр болгон.

Өзүн өзү өрттөө Фучик көчөсүндө болгон — 24 жаштагы эркек киши үстүнө бензин чачып, көчөдөгү адамдардын жана агасынын көзүнчө өзүнө өрт койгон.

Тез жардам станциясынан билдиришкендей, аларды окуя болгон жерге жабырлануучунун тууганы чакырган.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков жабырлануучу оор жараатынан улам каза болгонун билдирди — анын денесинин 90 пайызы күйүп калган.

«Сөөгүнө чейин күйгөн, андай жараат менен жашап кетүүгө мүмкүн эмес болчу», — деди ал.

Кубатбековдун айтымында, аларга жабырлануучу жеткирилгенден кийин дароо эле агасы келген. Башка туугандары келишкен эмес.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан каза болгондун өзүнө өрт коюусунун болжолдуу себеби катар анын үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдү аташты. Мекемеден анын чоо-жайын билдирүүдөн баш тартышты.

«Чоо-жайын айтпайбыз, анткени ал адамдын жеке жашоосу, кантсе да анын артында туугандары калышты, бул алардын кайгысы», — деди басма сөз кызматтын өкүлү Анна Жукова.

Ал бул окуя боюнча эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөстүгүн кошумчалады.

«Мында кылмыштын курамы жок, ошондуктан биз тараптан төмөндөгүдөй гана аракеттер көрүлдү: биз материалдарды топтодук, каттоодон өткөрдүк, бирок мындай учурларда кылмыш киши козголбойт», — деди Жукова.

Каза болгон адамдын туугандары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул кыргызстандыктар өзүн өзү өрттөгөн алгачкы учур эмес. 2012-жылдын ноябрында коммерциялык банктарга каршы Бишкектин борборунда митинг өткөрүп жаткан бир нече аял өзүлөрүн өрттөөгө аракет кылышкан. Анда милиция аларды токтотуп калууга жетишкен — бирок баары бир жыйынтыгында бир нече аял жаракат алган.