Үй-бүлөлүк зомбулук — үй-бүлө мүчөсүнүн экинчисине карата физикалык же моралдык зыян келтирген үйдөгү зомбулуктардын эң көп жайылган түрлөрүнүн бири. Андан кандай укуктук жолдор менен коргонууга болот?

Мени үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири урат. Эмне кылуу керек?

Мамлекет сизди үй-бүлө мүчөсүнүн бирөөсү — күйөө, аял, бала же ата-эне — тараптан жасалган зомбулуктардан коргоп башташы үчүн ал тууралуу милицияга кабарлоо керек. Районуңардагы участкалык милиция кызматкери менен байланышып же 102 номурун терип нөөмөт бөлүмүнө билдириңиз.

Сиздин чалууңуз ИИМдин Ыкчам реакция кылуу борборуна катталат, а зомбулук тууралуу билдирүүңүз Маалыматтарды каттоо журналына (МКЖ) же Окуяларды каттоо китепчесине (ОКК) жазылат.

Телефон чалдым. Анан?

Зомбулукту токтотуп, сизге кол салган адамды обочолонтуу үчүн үйүңүзгө экиден кем эмес милиция кызматкери келиши керек.

Милиция кызматкерлери үй-бүлө жаңжалынын себептерин тактап, жабырлануучу менен зомбулук көрсөткөн адамды болжолдуу аныктоолору керек болот.

Андан соң милиция ошол жерден административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүп, сизге кол салган адамды үч сааттан ашык эмес убакытка кармап кетет.

Административдик укук бузуу тууралуу? Бирок мени катуу сабаган да.

Кандай учур болбосун административдик укук бузуу тууралуу протокол баары бир түзүлөт. Эгер милиция кызматкерлери олуттуу зыян келтирилген деп шектенишсе, анда сизди алган жарааттарыңыздын оордугун аныктоо үчүн соттук медициналык экспертизага жөнөтүшөт.

Эгер алган жарааттарыңыз «анча оор эмес» категориясынан оорураак болсо, анда кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз жазышыңыз керек болот.

Ошондо сизге кол салган адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Сиздин арызыңыз жок кылмыш иши каралбайт.

Mann-schlaegt-Frau-Silhouette-man-beats-a-woman

Биз бирге жашайбыз. Зомбулук кайра улана бербейби?

Сизге убактылуу коргоо ордеринин же соттун коргоо ордеринин берилиши үчүн милиция кызматкерлери материал түзүшү керек болот. Ал ордерлер үй-бүлө мүчөсүнүн сизге карата зомбулук кылуусуна тыюу салып, анын сиз менен болгон байланышын кыскартат.

Убактылуу жана соттук. Айырмасы кандай?

Убактылуу ордер үй-бүлөлүк зомбулук же зомбулукка байланышкан коркутуу фактысы боюнча милиция тарабынан 15 күндүк мөөнөткө берилет. Ал зомбулук көрсөткөн адамдын жабырлануучуга карата зомбулук аракеттерди жасоосуна тыюу салып, түз жана кыйыр байланыштарды чектейт.

Убактылуу коргоо ордери зомбулук жасалган же чыныгы аны жасоо коркунучу жаралгандан кийинки 24 саттын ичинде түзүлөт.

Соттук коргоо ордери сот тарабынан 6 айлык мөөнөткө берилет. Бул ордердин шарттары убактылуу коргоо ордериникине окшош эле.

Сүйлөшүүгө тыюу — формалдуу түрдө бул тыюунун кол салган адам тарабынан бузулгандыгы тууралуу милицияга жабырлануучунун өзү билдириши керек.

Кошумча талап катары жашап турган жеринен чыгып кетүү жана ордер күчүндө болуп турган убакта жалпы мүлктү жеке пайдаланууга жана аны башкарууга тыюу салуу каралышы мүмкүн.

Ордердин эки түрүнүн тең талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө жоопкерчилиги ички иштер органдарына жүктөлөт. Ордерлердин шарттары сакталбаган учурлар үчүн айып пул салуу же камакка алуу жазалары каралат.

Кол салган адамды эмне күтөт?

Сот. Иш укук бузуу фактысы катталган райондун сотунда каралат.

Эгер үй-бүлөлүк зомбулук катуу уруп-согуу менен коштолбогон болсо, анда ал административдик иш болот. Судья айып салуу же камакка алуу же ишти токтотуу тууралуу өкүм чыгарат. Эгер сот үй-бүлө мүчөсүн күнөөлүү деп тапса, анда ага 500 сомдон 1000 сомго чейинки айып пул салынып же ал беш суткага камалышы мүмкүн.

Эгер кылмыш иши козголгон болсо, анда жаза келтирилген зыяндарга жараша ар кандай болушу мүмкүн — айып салуудан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин.

61316d17e55cd03ff9c0f4da56a0970e-1024x877

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу

Үй-бүлөлүк зомбулук деп үй-бүлөдө же бирге жашап жаткан адамдардын ортосунда жасалган зомбулукту айтууга болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу айтканда, балдарга же жубайлардын бирине багытталган зомбулук түшүнүлөт, бирок зомбулук көрсөткөн адам үй-бүлөдөгү каалаган адам болушу мүмкүн, мисалы, улуу баласы.

Юридикалык маанисинде үй-бүлөлүк зомбулук – бул үй-бүлө ичинде бир өнөктөшүнүн/тууганынын башкасына карата кайталанып жасалган зомбулугу, ал физикалык, психологиялык, сексуалдык жана экономикалык формада болушу мүмкүн.

Көпчүлүк учурларда милиция кызматкерлери ушундай укук бузууларга барган адамдарды кармашат, ага байланыштуу Бишкектин райондук сотторунда жана ШИИБинин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайларында алар көп кездешет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2015-жылдын январынан октябрына чейинки аралыкта эле 2555 аялдарга зомбулук көрсөтүү фактысы катталган. 2014-жылдын ошол эле айларында андай фактылар 15 пайызга аз болгон.

Зомбулуктан кайсыл мыйзамдар коргойт?

Кыргызстандын мыйзамдарында үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салган, ошондой эле ал укук бузуу үчүн жоопкерчиликти бекиткен ченемдер бар.

Өлкөнүн башкы мыйзамынын — жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Конституциянын 4-бөлүмүнүн 16-беренеси ар бир адамга бирдей укук, эркиндик жана аларды ишке ашырууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле анын 1-бөлүмүнүн 24-беренеси ар бир адамга эркиндик жана жеке кол тийбестик укуктарын кепилдейт.

Аны менен Конституция башка мыйзамдар үчүн укуктарды гендердик тегиздөөнү жана коргоону камсыз кылуу, анын ичинде жеке кол тийбестикти камсыз кылуу боюнча курсту белгилеген.

Үй-бүлө кодекси — аялдардын укуктарын коргогон жана үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салган маанилүү мыйзамдардын бири.

3-беренесине ылайык, ал үй-бүлөдөгү мамилелер гендердик теңдик, ошондой эле гендердик басмырлоо тыюу салынган ар-намыс менен кадыр-баркты сыйлоо принциптерине негизделиши керектигин белгилейт.

Эл аралык келишимдер:

Адам укуктары тармагындагы глобалдуу документтердин бири болуп Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясы эсептелет. Анда адам укугунун биринчи глобалдуу аныктамасы келтирилген. Ал документти «Жалпыга бирдей эркиндик хартиясы» деп аташат.

Декларациянын 1чи, 2чи жана 3-беренелери ар бир адамдын жеке кол тийбестигине укук бекитип, бардык адамдар эркин жана бирдей кадыр-барк менен бирдей укукта төрөлөрүн жарыялайт.

Ошондой эле «Аялдарга карата басмырлоолордун бардык формаларын жоюу тууралуу» конвенция бар. Ал документтин преамбуласында (киришүү бөлүгүндө) мамлекет аялдарга карата басмырлоолорду жоюуга жана ал үчүн тиешелүү чараларды, анын ичинде мыйзам чыгаруу чараларын көрүүгө милдеттүү экендиги жазылган.

Конвенция коомдогу аялдын же эркектин толук баалуу эместиги жана алардын биринин артыкчылыктуу экендиги тууралуу туура эмес көз караштарды жоюу максатында мамлекеттин эркектер менен аялдардын жүрүм-турумунун социалдык жана маданий үлгүлөрүн өзгөртүүсүн талап кылат.

Кыргызстан бул декларациялар менен конвенцияларга кошулуу менен өзүнө жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерди кодекстерге, мыйзамдарга жана башка нормативдик-укуктук актыларга киргизүү боюнча милдеттеме алган.

Автор: Адилет Азимов