30-январда Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунда (ЦУМ) бомба бар экендиги тууралуу билдирген адам кармалды. Анда имарат текшерилгенде эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Шектүү жалган маалымат бергендиги үчүн үч жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Милиция шектүү адамдын кармалгандыгы тууралуу бомба жөнүндө билдирүүдөн улам Бишкектеги ЦУМдун имараты курчоого алынгандан бир күндөн кийин, 1-февралда билдирди.

Шектүүнү экстремизмге каршы күрөшүү менен алектенген Бишкек ШИИБсинин 10-башкармалыгы кармаган.

Кармалган адам Бишкектин 58 жаштагы жашоочусу болуп чыкты. Милициянын маалыматы боюнча, ал соода борборунун коопсуздук кызматынын өкүлүнө барып, имаратта жардыруучу зат бар экенин билдирген.

Милициянын төрт сааттык текшерүү ишинен кийин бомба табылган эмес. Андан соң маалымат булагы изделип баштаган.

Мыйзам боюнча, терроризм актысы тууралуу жалган билдирүү кылмыш болуп эсептелет. Эгер шектүү күнөөлүү деп табылса үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул акыркы үч күн ичинде бомба тууралуу жалган билдирүү таратылган экинчи учур.

31-январда болжол менен кечки  саат 21:15терде милицияга анонимдүү телефон чалуу болгон. Телефон чалган адамдын айтымында, 1-февралда саат 13:00дө «Мадина» базарынын аймагындагы мечитте жардыруу болмок.

Милиция ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө «телефон террористинин» аты-жөнүн тактап, аны колго түшүргөн. Ал жерлиги Жалал-Абад облусу болгон 25 жаштагы шаар тургуну болуп чыккан.

Автор: Айжамал Мураталиева