Сим-карталарын каттоодон өткөрбөгөн абоненттер толугу менен өчүрүлө баштады, уюлдук операторлор номурлардын баланстарындагы акчаларды сактап коюшат.

Январдын ортосунан тарта уюлдук операторлор сим-карталарын каттатпаган абоненттердин номурларын жарым-жартылай тосмолой башташкан — алар башка бирөөгө чалуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратылышкан.

1-февралдан баштап сим-карталарын каттатпаган абоненттердин номурлары толугу менен өчүрүлөт — башка бирөөгө чалууга, башкалардын чалууларын кабыл алууга, интернетке кирүүгө жана смс-билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүн болбой калат.

Абоненттер өчүрүлгөн номурларын аларды каттатуу менен калыбына келтире алышат.

Тема боюнча: Сим-картаны кантип каттатууга болот?

«Билайн» компаниясынан билдиришкендей, өчүрүлгөн номурлар сатыкка коюлбайт жана алардын баланстарындагы акчалар сакталуу бойдон калат. Башка уюлдук операторлор да ушундай эле кылышат.

Өкмөт сим-карталарды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү эрежесин 2014-жылдын февралынын ортосунда киргизген.

Алгач мобилдик номурларды каттоонун акыркы күнү катары 2015-жылдын 8-марты көрсөтүлгөн, бирок кийин ал мөөнөт бир канча жолу жылдырылган — биринчи августка, андан кийин 2015-жылдын октябрына. Акыры номурларды каттатуунун акыркы мөөнөтү 1-февралга белгиленген.

Жалпысынан Кыргызстанда 7 млн. 740 миңден ашык мобилдик байланыш абоненттери бар, алардын 96 пайызы өз сим-карталарын катоодон өткөрүшкөн. Азыр Кыргызстанда үч ири мобилдик оператор бар — «Мегаком», «Билайн» жана «О!».

Мамлекеттик байланыш агенттигинин басма сөз катчысы Айжан Исмаилова азырынча сим-карталарын каттатпаган абоненттердин так саны белгисиз экенин билдирди.