Казак программисттери Кыргызстандын кодекстери жазылган 11 мобилдик тиркеме иштеп чыгышты. Алар ал «пайдалуу иш» болгондуктан, аны кыргызстандыктар үчүн жасагандыктарын айтышты.

ANT (Almaty New Technology) командасы январдын экинчи жарымында кыргыз мыйзамдарына, тагыраагы Кыргызстандын кодекстерине арналган 11 мобилдик тиркемени ишке киргизишкен.

Компания өкүлү Мерей Байжокин Kloop.kgге курган маегинде тиркемени иштеп чыгууда эч кандай коммерциялык максат болбогонун айтты.

«Бардык мобилдик тиркемелерди карап чыгып жатып биз Кыргызстанда мындай ресурстун жок экенин аныктадык, Казакстанда болсо андай ресурс иштеп жатат. Балким биз начар издегендирбиз, бирок биз коңшуларыбызга жардам бере турган ыңгайлуу ресурсту иштеп чыгуу керектигин дароо эле түшүндүк», — деди Байжокин.

Анын айтымында, тиркемени түзүү үчүн алар өлкөнүн дээрлик бардык мыйзамы жарыяланган Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматтар базасын пайдаланышкан.

Азырынча аларды «Андроид» операциялык системасында иштей турган Play Marketте гана жүктөп алууга болот. 

«Биз жазылган сын-пикирлер менен сунуштарды окуп, кемчиликтер аныкталса дароо оңдойбуз. Жөн гана акчага караганда көбүрөөк кубаныч алып келе турган кайтып келчү жакшы байланышка ээ болобуз. Мен биздин аурабыз жакшырып, аны менен өз максаттарыбызга — пайдалуу иштерди жасап, мобилдик технологияларды жакшыртууга жетишип жатабыз деп айтат элем», — деди Байжокин.

ANT командасы алардын бул долбоору кыргыз программисттерин жаңы идеяларга шыктандырышы мүмкүн деп эсептешет.