«Куликовский» кондитер үйү рублдин курсунун туруксуздугунан улам Москвадагы бардык дүкөндөрүн жапты. Компания Кытай базарына өтүүнү пландап жатат.

Кондитер үйү экономикалык себептерден улам Москвадагы бардык дүкөндөр түйүнүн жапты. «Куликовскийдин» башкы директору Денис Гайворонский билдиргендей, рублдин курсунун төмөндөшүнөн улам продукциянын баасы өсүп, өз кезегинде ал сатуу көлөмүнүн азайышына алып келген.

«Бизге албетте, Орусия базары кызык, бирок биз туруксуз экономикалык абалга байланыштуу ушундай кадамга барууга аргасыз болдук», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Ал экономикалык абал турукташкандан кийин Орусия базарына кайтып баруу мүмкүнчүлүктөрүн караштыраарын, бирок азырынча азыктарын Кытайга сатууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

«Биз кытай базарына чыгууга кызуу даярданып жатабыз: эки бөлмө таптык, учурда ал жакта оңдоо иштери жүрүп жатат. Алардын бирөөсүндө биздин фирмалык дүкөнүбүз, а экинчисинде — кофейня ачылат», — деп билдирди «Куликовскийдин» башкы директору.

«Куликовский» торттору Москва базарында 2015-жылдын мартында пайда болгон. Андан бери сегиз дүкөн ачылган, бирок алардын төртөөсү 2016-жылга чейин эле жабылып калган. Калган дүкөндөрү быйыл жабылып жатат.

Гайворонский алар Кыргызстан менен Казакстандагы дүкөндөрүн жаппай тургандыктарына ишендирди.

«Азыр биз Кыргызстан менен Казакстанда жакшы өнүгүп жатабыз. Алматыда 17, Астанада 3 дүкөнүбүз бар. Кондитер үйүнүн фирмалык дүкөндөрү Кызылордодо да ачылды», — деди ал.

Орусиялык жана чет өлкөлүк эксперттер рублдин курсунун төмөндөшүнүн себептери катары мунайга болгон дүйнөлүк баалардын түшүшүн, батыштын Орусияга каршы киргизген санкцияларын, ошондой эле башка бир катар себептерди айтып жатышат.

Украинадагы каатчылыкка байланыштуу 2014-жылдын мартынан баштап киргизилген АКШ менен Европа биримдигинин санкциялары орусиялык мунай-газ корпорацияларына, банк жана экономикалык системаларына каршы багытталган. 2014-жылдын июнунан бери мунай баасы үч эсеге — бир баррели үчүн 114 доллардан 34 долларга чейин төмөндөдү.

Сүрөт: «Куликовскийдин» «Фейсбуктагы» баракчасы