Бишкектин борборунда үч жолу ок атуу менен белгисиз эркек кишини атып кетишти. Милициянын болжолдуу маалыматы боюнча, ал Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.

Окуя 1-февраль күнү кечинде Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон — белгисиз этникалык түрктү үч жолу атып өлтүрүшкөн.

12656198_955926821158776_1241452995_o

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге өлтүрүлгөн адам криминал төбөлү Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгонун билдирди.

Ал көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатында жайгашкан компаниялардын биринин кеңсесинин кире беришинде өлтүрүлгөн.

12637016_955926827825442_1247689166_o

Милиционерлер күбөлөрдү суракка алып, учурда шектүүлөрдү колго түшүрүү боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Камчы Көлбаев — кыргыз криминал төбөлү. 2011-жылы АКШ бийлиги аны дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн кар тизмесине киргизген.

Ал 2014-жылдын июнунда эркиндикке чыккан, учурда Кыргызстанда.