Kloop Media каалоочулардын баарына «Андроид» операциялык системасынын негизинде иштей турган түзмөктөр үчүн мобилдик тиркемелерди жасоону бекер үйрөтөт. Сабактар 10-февралдан 13-мартка чейин үч баскычта өтөт.

Тренингде сиздер төмөнкүлөрдү үйрөнө аласыңар:

  • Androidдин негизинде иштеген телефон же планшет үчүн бекер мобилдик тиркеме түзүү
  • Аз чыгымдар менен тиркемени кантип суроо-талапка ээ кылуу
  • Тиркемени Play Marketке чыгаруу
Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин
Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин

Тренингди Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири  Ринат Тухватшин өткөрөт (жардамчылары: Иван Натальченко менен Айгерим Асанова).
Окутуу үч баскычта өтөт:

10-16-февраль: керектүү программалык камсыздоону орнотуу жана онлайн-тапшырмаларды аткаруу

Бардык каалоочулар өзүнө ылайыктуу убакта Клооптун кеңсесине «Андроиддин» негизинде иштеген ноутбук жана телефондору (планшеттер) менен келе алышат. Тренингге катышууну каалагандар 16-февралга чейин онлайн-тапшырмаларын тапшыруулары керек болот.

17-21-февраль: теориялык болүгү жана жеке тиркеме түзүүнү баштоо

Окутуу бир күн бою жүрөт (эртең мененки саат 10:00дөн кечки 19:00гө чейин). Катышуучулар «Андроид» базасында иштеген өздөрүнүн жеке ноутбугун жана телефон же планшетин ала келиши керек болот.

22-февраль — 13-март: тиркемелерди тестирлөө жана жаңы функцияларды түзүү

Клооптун кеңсесине аптасын 3 жолу эки сааттан келип кетүүсү керек болот. Ал сабактардын жүгүртмөсү тренинг башталгандан кийин катышуучулар менен макулдашылат.

17-март (болжолдуу түрдө): тиркемелерди потенциалдуу буйрутма берүүчүлөр менен жумуш берүүчүлөргө тааныштыруу.

Тренингге катышуу үчүн 3000 сом өлчөмүндөгү күрөө акча коюу керек, тиркемелер жарыялангандан кийин ал кайра кайтарылып берилет.

Тренингге жазылуу үчүн төмөнкү форманы 10-февралга чейин толтуруу керек:

    Аты-жөнү*

    Эмейли*

    Телефону*

    Уюмунун же ЖМК аталышы

    Сайттын сүрөттөлүшү: кандай кызмат көрсөтүү үчүн ачуу керек

    "Windows" ОС менен иштөө деңгээли*
    Тажрыйбалуу колдонуучуБашталгыч

    "Андроид" ОС менен иштөө деңгээли*
    Тажрыйбалуу колдонуучуБашталгыч

    Сабактарга ар күнү жана калтырбай катыша турганымды тастыктайм

    * Сөзсүз түрдө толтурулушу керек