Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте баштапкы класстар үчүн каржы сабаттуулугу боюнча сабактарды киргизүүнү сунуштап жатат. Азыр окуу программасынын долбоору кароодо.

Өкмөттүк жумушчу топ баштапкы класстардын окуучуларына акчага кандай мамиле кылуу керектиги боюнча сабактарды киргизүүнү сунуштады — Улуттук банктын өкүлүнүн айтымында, бул калктын каржы сабаттуулугунун төмөндүгү көйгөйүн балдардын кичинекей кезинен тарта жоюуга жардам берет.

Улуттук банктын Кардарлардын укуктарын коргоо жана каржы сабаттуулугу бөлүмүнүн башкы адиси Мирлан Майтпасов Kloop.kgге курган маегинде балдарды кичинекей кезинен баштап эле акчага туура мамиле кылууга тарбиялоо керектигин билдирди.

«Балдарга биринчи класстан баштап эле акчанын эмне экендиги, анын каяктан пайда болору жөнүндө айтуу керек. Азыр мектеп программасы заманбап талаптарга жооп бербейт, а биз замандан калышпай жүрүшүбүз керек», — деди ал.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге каржы сабаттуулугу боюнча сабактарга класстык сааттардан сырткары убактар бөлүнүшү мүмкүндүгүн, бирок азырынча ал предмет үчүн убакыт кайсыл жактан алына тургандыгы так белгисиз экенин билдиришти.

«Биз азырынча канча саат жана кайсыл сабактардын эсебинен балдарга каржы тууралуу айтыларын так айта албайбыз. Балким, сабактар класстык сааттардан башка убактарда өткөрүлөттүр. Азыр баары талкуу баскычында», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Зарина Суроганова Kloop.kgге каржы сабаттуулук боюнча сабактар учурда өз ичине «жашоо тиричиликтин коопсуздук негиздерин», «адам жана коом», ошондой эле «экономикага киришүүнү» камтыган «Граждановедение» предметине киргизилиши мүмкүндүгүн айтты.

«Азыр биз стандарттарын иштеп чыгып жатабыз, алардын негизинде программанын өзүн түзөбүз», — деди Суроганова.

Окуу модулунун өзү иштелип чыга элек, болгону концепция гана бар, ал кабыл алынгандан кийин мектеп сабактары менен сааттарын карап башташат. Болжол менен бул предмет 2020-жылга чейин киргизилиши керек.

Болжолдуу түрдө баштапкы класстарда акчанын эмне экендиги, анын адамдын жашоосунда кандай кызматты аткарары жана анын кантип пайда боло тургандыгы жөнүндөгү базалык маалыматтар берилет. Ошондой эле мамлекеттик программада мугалимдерди окутуу дагы каралган.

Жумушчу топтун мүчөлөрү программага натыйжалуу окуу куралдарын иштеп чыгуу да киргизилгенин айтышууда: китептер, колдонмолор, адистештирилген сайттар, медиа — продуктулар жана жаштар менен чоңдордун арасында билим таратуунун башка ресурстарын. Андай ресурстардын бири — Улуттук банк тарабынан 2015-жылы ишке киргизилген www.finsabat.kg сайты.

Учурда калктын каржы сабаттуулугун жогорулатуу менен эл аралык каржы уюмдары, ассоциациялар жана коммерциялык банктар алектенишет.

Алар калктын түрдүү катмарлары үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүшөт. Бирок ошол эле маалда алар көйгөй системалык мамиле кылууны талап кыларын айтып келишет.

«Аймактарда биз дайыма окутууларды өткөрүп турабыз, бирок бул көйгөй албетте системалык мамилени талап кылат, анткени билимдин жетишсиздиги жашоодо түрдүү кыйынчылыктарга алып келет», — деп билдирди Kloop.kgге «ФИНКА Банк» ЖАКтын өкүлү.