Парламенттик комиссия Жогорку Нарын ГЭСтериндеги объектилердин 37 млн. доллар тураар-турбасын текшерүү үчүн Нарын облусуна барат. Орусия станциялардын курулушун аягына чыгара албай калгандан кийин ал каражатты кайтарып берүүнү талап кылган.
«Ата Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов башында турган комиссия 6-7-февраль күндөрү Жогорку Нарын ГЭСтер тутумундагы объектилер курулуп жаткан жерге чыгып кетишет. Бул тууралуу комиссиянын биринчи жыйынында айтылды.
Кеп келечектеги электр станцияларынын кызматкерлери үчүн курулган көчмө кыштак жана жатаканалар тууралуу болууда. Депутаттар курулуш материалдарынын баалары жогорулатылган деп эсептешүүдө.
«Бардык чыгымдар ийне-жибине чейин каралып чыгышы керек. Мисалы, күзөт агенттигине 200 миң доллар коротушуптур. Алар эмне тик учактар менен кайтарышканбы?» — деп жазган 24.kg агенттиги Шыкмаматовдун айткандарын.
Депутаттар «Жогорку Нарын ГЭСтери» ЖАК башкармалыгынын мүчөсү Чоробай Акунов менен Улуттук электр холдингдин башчысы Айбек Калиевден курулуш иштерине байланышы бар документтерди сурашты.
37 млн. доллар — бул Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин инфраструктурасын түзө турган имараттарды жана башка объектилерди курууга кеткен акча. ГЭСтерди куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу менен Орусиянын мамлекеттик «РусГидро» компаниясы алектенген.
2015-жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев Орусиядагы экономикалык кыйынчылыктардан улам компания станцияларды куруу боюнча алган милдеттенмелерин аткара албай тургандыгын билдирген.
Орусия менен түзүлгөн келишим токтотулган жана Кыргызстан ГЭСтерди курууга жаңы инвесторлорду издеп баштады.
«Мен президенттик мөөнөтүм бүтө турган 2017-жылга чейин жок дегенде ГЭСтер каскадынын алгачкысынын ишке берилишин каалайт элем», — деп билдирген Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында.
Орусия болсо долбоорго жумшалган 37 млн. долларды кайра талап кылган — өз кезегинде бул чыгымдардын канчалык деңгээлде негиздүү болгонун кылдат текшерип чыгууга себеп болгон.
ГЭСтердин курлушу
Кыргызстан менен Орусия «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу боюнча эки келишимге 2012-жылдын сентябрында кол коюшкан.
Каскаддагы ГЭСтердин курулушу менен алектенүү тапшырмасы орусиялык «Русгидро» мамлекеттик корпорациясына, а «Камбар-Ата-1» менен алектенүү «Интер РАО ЕЭС» компаниясына жүктөлгөн.
Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүнө 4 ГЭСтин курулушу алгач 400 миллион АКШ долларына бааланып жаткан, бирок 2014-жылы анан баасы 700 млн. долларга чейин жогорулатылган.
«Камбар-Ата — 1ди» курууга «Интер РАО» 2 миллиард доллар чыгымдашы керек болчу. Бирок 2013-жылдын башында компания инвестициялык программаны кайрадан карап чыгуу тууралуу айтып баштап, Кыргызстанда ГЭС куруудан баш тартуу вариантын караштырып баштаган.
2015-жылдын июлунда «Азаттык» радиосу «Камбар-Ата-1» долбоору инвестор алмаштырууга муктаж экенин, анткени каатчылыктан улам орус тарап курулуш баасын көтөрө албастыгын жазган.
Болжол менен ошол эле маалдарда Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль «Русгидро» Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин «курулуш графигин бузганын» жана долбоорду «каржылоону токтоткондугун» айткан.
Бирок андан төрт күн өткөндөн кийин «Русгидронун» ошол кездеги башчысы Евгений Дод Атамбаев менен жолугуп, каскаддагы алгачкы эки объект 2016-жылдын аягына чейин курулуп бүткөрүлөрүн билдирген.