Депутаттык комиссия Жогорку Нарын ГЭСтериндеги объектилердин курулушуна 37 млн. доллар кетиши мүмкүн эмес деп күмөн санашууда. Алар өткөрүлгөн тендерлерде «шектүү схемалар» болгон болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.
Депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев Kloop.kgге курган маегинде ушул аптада парламентарийлер тендердик документтерди текшеришип, курулган объектилердин баасын баалоо үчүн өзүлөрү Нарынга бара тургандыктарын билдирди.
«Мисалы, курулуш боюнча тендер — бул башка иш, анда субподрядчиктер болушу мүмкүн. А качан тендер кайсыл бир жабдууну сатып алуу үчүн өткөрүлүп, аны орусиялык компания утуп, а жеткирүүлөрдү кыргыз компаниясы аткарып жатса, албетте анда шектүү схема бар болгон деген ойлорду жаралат», — деди ал.
Анын айтымында, комиссия Жогорку Нарын ГЭСтериндеги көчмө кыштакчалар менен объектилердин курулушуна кеткен чыгымдардын көлөмүн бир айдын ичинде изилдеп чыгууга аракет кылат.
Масалиев менен болгон маек толугу менен:
Айжамал Мураталиева, Kloop.kg: Сатып алуулар кандай жол менен жүргүзүлгөн. Аны ким жасаган?
Депутат, комиссия мүчөсү Исхак Масалиев: «Жогорку Нарын ГЭСтери» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн бизге берген маалыматтары боюнча, сатып алууларды орусия тараптан болгон жетекчиликтин башчылыгындагы атайын комиссия жүргүзгөн.
Бирок биздин өкүл комиссия мүчөсү болгон, ошондуктан факты жүзүндө ал дагы тендерге катышкан. Ал анын комиссиялык чечим болгонун, тендердин мыйзам чегинде өткөрүлүп, жол-жобосу бузулбагандыгын билдирүүдө.
А.М. Kloop.kg: Тактап айтканда, каражаттардын кыймылын мамлекет көзөмөлдөп турганбы?
И.М.: Жок, мамлекет тарабынан ал көзөмөлдөнгөн эмес. Анткени ал биргелешкен ишкана, 50-50 пайыздан, жабык акционердик коом. Негизи алар сатып алуулар тууралуу мыйзамды колдонмо кылышы керек болчу жана формалдуу түрдө ал ошондой эле жасалган.
Бирок бизде баасынын чыгарылышы күмөн саноолорду жаратып жатат. Ошондуктан жума күнү (5-февралда) жабык акционердик коомдун өкүлдөрү бардык керектүү документтерди алып келип берүүлөрү керек.
А.М. Kloop.kg: Силер эмнеге жалпы сумманы жогорулатылган деп эсептеп жатасыңар?
И.М.: Кээ бир маалыматтар боюнча, анын ичинде комиссия төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун билдирүүсү боюнча, айрым объектилердин базар баасы сатылып алынгандан бир канча эсеге арзан.
Анан да тендердин да тендери бар.
Мисалы, курулуш боюнча тендер — бул башка иш, анда субподрядчиктер болушу мүмкүн.
А качан тендер кайсыл бир жабдууну сатып алуу үчүн өткөрүлүп, аны орусиялык компания утуп, а жеткирүүлөрдү кыргыз компаниясы аткарып жатса, албетте анда шектүү схема бар болгон деген ойлорду жаралат.
А.М. Kloop.kg: Бул схемалардын артында кимдер турушу мүмкүн, божомолдоруңуз барбы?
И.М.: Кимдир-бирөөндө чоңураак бөлүгүн алуу азгырыгы пайда болсо керек. Бизде да суроолор пайда болот деп ойлоп атабыз. Акыркы жыйынтыктар тууралуу айтуу азырынча эрте. Кандай болгон күндө да күмөн саноолор бар.
А.М. Kloop.kg: Бизде комиссия 6чы же 7-февралда Нарынга барат деген маалыматтар бар.
И.М.: Жума күнү ЖАК өкүлдөрү бизге тендерлер боюнча документтер топтомун алып келишет, жекшемби күнү депутаттык комиссия объектилердин кандай курулганын жеринде көрүп келүү үчүн Нарынга чыгып кетет. Анда курулган имараттардын көрсөтүлгөн чыгымдарга канчалык деңгээлде туура келээрин салыштырып, анализдейбиз.
Мисалы, кандай гана буюм болбосун базар баасына ээ, аны аныктап чыгуу кыйын деле эмес. Соода палатасынын адистерин же башка адистерди тартып, көз карандысыз баалоо өткөрүп, эгер жогорулатылган болсо ал көрүнүп калат.
75 миң доллар турган завод эч качан 500 миң болбойт да, түшүнүп атасыңарбы?
А.М. Kloop.kg: Текшерүү иштери качан аяктайт?
И.М.: Биз бул иш узакка созулбайт деген ойдобуз. Менимче, маселе бир айдын ичинде чечилсе керек.
А.М. Kloop.kg: Анан эмне болот?
И.М.: Эгер баары нормалдуу, таза болуп, комиссия менен укук коргоо органдарында эч кандай суроо болбой турган болсо, анда процесс уланат. 37 млн. тууралуу, өкмөт эки тараптуу жолугушууларда ал сумманы төлөп берүү же бербөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Бирок азырынча Орусия тараптан ал сумманы төлөп берүү талабы боло элек. Балким, жаңы инвестор табылып калса, ал чыгым бөлүгүн да ошол өзүнө алышы мүмкүн.
ГЭСтеги объектилерге кеткен чыгымдар
37 млн. доллар — бул Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин инфраструктурасын түзө турган имараттарды жана башка объектилерди курууга кеткен акча. ГЭСтерди куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу менен Орусиянын мамлекеттик «РусГидро» компаниясы алектенген.
2015-жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев Орусиядагы экономикалык кыйынчылыктардан улам компания станцияларды куруу боюнча алган милдеттенмелерин аткара албай тургандыгын билдирген.
Орусия менен түзүлгөн келишим токтотулган жана Кыргызстан ГЭСтерди курууга жаңы инвесторлорду издеп баштады.
«Мен президенттик мөөнөтүм бүтө турган 2017-жылга чейин жок дегенде ГЭСтер каскадынын алгачкысынын ишке берилишин каалайт элем», — деп билдирген Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында.
Орусия болсо долбоорго жумшалган 37 млн. долларды кайра талап кылган — өз кезегинде бул чыгымдардын канчалык деңгээлде негиздүү болгонун кылдат текшерип чыгууга себеп болгон.