Бишкектеги ЖЭБде 3-февралда суу түтүктөрүнүн бири жарылып, шаардын жашоочулары бир нече саатка ысык суусуз калышкан. Шаардык кызматтар суу берүүнү калыбына келтиришип, авариянын себептерин аныктап жатышат.

Расмий маалыматтар боюнча, ЖЭБдеги авария 3-февралда саат 15:00дө болгон — ал Бишкектин жашоочуларын кеминде бир жарым саат ысык суусуз калтырган.

«Электр станциялар» компаниясынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева Kloop.kgге жарылуу болушунча кыска убакытта оңдолгон. Анын айтымында, адистер суу берүүнү бир жарым сааттын ичинде, саат 16:30да калыбына келтиришкен.

Азырынча авариянын себептери белгисиз.

«Шарт жагдайды аныктоо үчүн Мамэкотехинспекция башында турган мекемелер аралык комиссия түзүлдү», — деди Айдаралиева.

Ал учурда шаар тургундарынын үйлөрүнө ысык суу мурдагыдай эле берилип жатканын кошумчалады.

«Ысык сууну дароо бир убакта бардык үйлөргө берүү мүмкүн эмес болду, ошондуктан суу берүү этап-этап менен ишке ашырылган», — деп түшүндүрдү компаниянын басма сөз катчысы.

Кечинде социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын айрымдары алардын үйлөрүнө дагы деле ысык суу келбей жатканын жазышкан.

«Суу берүү жаңылыктарда эле бир жарым сааттан кийин калыбына келтирилди», — деп жазган Алина Матвиенко аттуу колдонуучу саат 20:43тө.

«Дизель» онлайн-форумунун колдонуучулары жылуулук берүү калыбына келиши үчүн батареядагы абаны чыгаруу кеңешин беришкен.

«6-кичи район, ысык суу бар! Батареядагы абаны чыгардым, жылуураак болуп калды. Кимдин батири акыркы кабатта? Абаны чыгарып койгула!» — деп жазган elektroexpert деген ысым менен катталган колдонуучу.