Чиновниктердин шаан-шөкөттүү салтанаттарды өткөрүүсүн чектеп, каада-салаттар менен ырым-жырымдардын эрежелерин мыйзам түрүндө бекитүү сунушталууда — мындай мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору 2-февралда коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин үйлөнүү тойго 150дөн ашык киши чакыруусуна жана бештен ашык жеңил унаа пайдалануусуна тыюу салынат.

Каада-жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө улак тартыш, күрөш сыяктуу башка спорттук мелдештерди жүргүзүүгө тыюу салынат, а  «Жаназа окуу» жөрөлгөсү бодо мал союлбастан өткөрүлүшү керек болот.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле чиновниктер туулган күндөрүн, зыяратчыларды узатуу жана тосуп алууларды үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүшү керектиги жазылган. Мыйзам келе турган меймандардын санын гана эмес алардын алып келе турган белектерин да көзөмөлдөйт. Айрым иш-чаралардын жүрүшүндө баалуу белектерди жана акча каражаттарын берүүгө тыюу салынат.

Депутаттар бул чектөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасындагы «ашыкча ысырапкорчулук, шаан-шөкөттүүлүк, ашкере сылаңкороздук фактыларын жоюуга» мүмкүндүк берет деп эсептешет.

«Түпкүлүктүү улуттук салттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү жүргүзүүдө учурда киргизилип жаткан обу жок жаңылыктар жана ашыкчалыктар коомубузга экономикалык гана эмес, моралдык-адептик да заалал келтирип жатат», — деп жазышкан депутаттар негиздеме-маалымкатта.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова Kloop.kgге курган маегинде буга чейин бул сыяктуу идеялар Кыргызстанда сунушталганын, бирок эч ким аягына чейин чыгарбай келгенин айтты. 

«[Анда] эл баарын өзүнөн баштоо керектигин айткан, бирок эч ким баштаган эмес», — деп белгиледи Салянова.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин чыгымдарын көзөмөлдөөнү муниципалдык бийликтер ишке ашырышат. 

«Андан сырткары жер-жерлерде коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусундагы комитеттер түзүлөт», — деп кошумчалады ал.

«Оорунун себептерин эмес, а белгилерин дарылоо»

Антрополог Алтын Капалова мамлекет тарабынан тыюу салуулардын киргизилишинин жакшы жыйытыктарга алып келээрине ишенбейт.

«Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы оорунун себептерин эмес, а анын белгиерин дарылоого окшош болот. Ал кандай жол менен көзөмөлдөнөт? Сөз ташып ушактоонун негизиндеби? Же башка бирөөнүн капчыгын эсептөө мененби? Тойлорду көзөмөлдөө механизмин түзүү абдан оор. Аны ишке ашыруу андан да оор болот»,— деди ал Kloop.kg.

Капалованын пикиринде, азырынча кыргыз коомчулугунда тойлор социалдашуунун жана адамдын ийгиликтүүлүгүн ченегич курал болуп саналат. 

«Бизде барууга башка альтернативдүү жерлер түзүлүп, ойлоп табуулар, аткарган иштер жана башка жеке жетишкендиктер ийгиликтүүлүктүн ченегичи болуп калмайынча шаан-шөкөттүү тойлор улана берет», — деп эсептейт антрополог.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун талаптагыдай аткарылышынан күмөн санап жатышат.

«Эми тойлорду мамлекеттик кызматкерлер эмес, а алардын жубайлары менен балдары өткөрүп башташат!» — деген пикирин жазды «Дизель» онлайн-форумунун Крылопонт деген ысым менен катталган колдонуучусу.

Бул сыяктуу мыйзам долбоору 2007-жылы Тажикстанда кабыл алынган. Тажик бийлигинин эсептөөсү боюнча, мыйзам 5 жыл ичинде алардын 1,6 млрд. АКШ долларын үнөмдөөсүнө жардам берген.