Кыргызстан мунай запастарына бай эмес, бирок ошентсе да өлкөдө «кара алтын» өндүрүү менен алектенген компаниялар бар.  

Кыргызстандагы мунай кендери Жалал-Абад облусунда жана Баткен облусунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан.

Жалпысынан өлкөдө мунай өндүргөн 17 кен бар. Алардын 11де мунай гана алынат, калган алтысында газ дагы чыгат.

Мунай жана мунай-газ кендеринин дээрлик бардыгы тең (16сы) кичи кендерге киришет. Бул деген алардын запастары 5 млн. тоннадан, же 36 млн. баррелден ашпайт дегенди билдирет.

Бир гана кен — Майлысу IV Чыгыш Избаскент — орточо кендердин катарына кирет, 30 млн. тонна мунай запасы. Ал Жалал-Абад облусунун түштүгүндө жайгашкан.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, 2014-жылдын аягына карата Кыргызстандагы чалгынданган мунай запасы 100 млн. тоннаны түзөт. Салыштыруу үчүн, коңшу Казакстандагы запастар 3,9 млрд. тоннадан ашат.

Кыргызстанда мунай-газ кендерин иштетүү менен беш компания алектенет, алардын үчөөсү кытай фирмаларына таандык:

«Кыргызмунайгаз» ААКсы

edb43ad5bee419041343f299a4cac844

«Кыргызмунайгаз» — жыл сайын жер астынан 75 миң тоннадан 80 миң тоннага чейин мунай чыгарган өлкөдөгү башкы мунай өндүрүү ишканасы

Кыргызстандын өкмөтү компаниянын көзөмөл пакети менен бирге акцияларынын 85 пайыздан ашыгына ээлик кылат. Калган акциялары 2000ден ашык акционерге таандык, алардын дээрлик бардыгы тең юридикалык тараптар (жеке компаниялар). 

«Кыргызмунайгаз» 11 объектини иштетүү лицензиясына ээ. Дагы үч лицензиясы чалгындоо иштери үчүн берилген.

Ишкананын казуу иштери Баткен облусунун Лейлек районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен райондорунда жүргүзүлөт.

Компания мунайдын кошумча запастарын Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда издеп жатат.

Кыргызстандын бийлиги 2012-жылдын күзүндө «Кыргызмунайгаз» 2009-жылга салыштырмалуу өз кирешесин бир нече эсеге — 18 млн. сомдон 330 млн. сомго чейин көбөйткөнүн билдирген.

«Текстоник» ЖАКсы

textonic-1

«Тесктоник» — Кыргызстандын аймагында  чалгындоо жана мунай өндүрүү менен 2001-жылдан бери алектенип келе жаткан жабык акционердик коом.

Ишкана мунай менен газды Майлису-II кенинин Борбордук жана Чыгыш аймагында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун түштүгүндөгү Чангырташ кенинин Чарвак аймагында өндүрөт.

Эки кендин жалпы аянты 927 гектарды түзөт — бул болжол менен 9 чарчы. км.

Өндүрүлгөн мунай көлөмү белгисиз.

«Текстоник» ЖЧКсы 2012-жылдан бери «Сань Шань Юань» ЖЧКсына таандык, анда ал канадалык «Textonic Consulting Ltd» компаниясынын акцияларын сатып алган болчу.

Компаниянын кеңсеси Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында жайгашкан, директору — Чжан Цзе.

«Южный Деррик» ЖЧКсы

textonic-1

«Южный Деррик» жоопкерчилиги чектелген коому мунай жана газ өндүрүү менен 2010-жылдан бери алектенип келе жатат. Ишкана Майлысуу III кенин гана иштетүү лицензиясына ээ. Аймактык жалпы аянты 851 гектарды же 8,51 чарчы. км. түзөт.

«Южный Дерриктин» акцияларынын негизги бөлүгү ошол эле «Сань Шань Юань» ЖАКсына таандык. Компания 2012-жылы австралиялык «Derrick Pty Ltd» компаниясы менен болгон макулдашуусунун жыйынтыгында уставдык капиталдагы акциялардын 70%ын сатып алган.

Акциялардын калган бөлүгү «Кыргызмунайгаз» ААКсына таандык.

Компаниянын кеңсеси Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан, директору — Чжан Цзе.

«Баткенмунайгаз» ААКсы

Сүрөт: Жеңиш Айдаров. 
Сүрөт: Жеңиш Айдаров.

«Баткенмунайгаз» ачык акционердик коому мунай жана газ өндүрүү боюнча өз ишмердүүлүгүн 2008-жылдан бери жүргүзүп келет.

Ишкана Баткен облусунун Кадамжай районундагы үч кенди — Түндүк жана Түштүк Риштан, Сарыкамыш-Сарыток, Чаур-Яркутан — 2028-жылга чейин иштетүү лицензиясына ээ.

Түндүк жана Түштүк Риштанда мунай менен газ, Сарыкамыш-Сарытокто — күйүүчү газ жана Чаур-Яркутанда — мунай кени бар.

Үч кендин жалпы аянты 6200 гектарды же 62 чарчы км. түзөт.

«Баткенсунайгаз» «Чжуннен мунай чалгындоо компаниясы» ЖЧКсына таандык. Мурда компания Кыргызстандын бийлигине тиешелүү болчу.

«Баткенмунайгаздын» кеңсеси Баткен облусундагы Кадамжай шаарында жайгашкан. Компания директору Лю Веньин.

«Главнефтегаз» ЖАКсы

oil-1

«Главнефтегаз» жабык акционердик коому мунай менен газды 2012-жылдан бери өндүрүп келет. Акционерлеринин саны, аты-жөндөрү жана үлүштөрү айтылбайт.

Ал Баткен облусунун Кадамжай районундагы эки кенди иштетүү лицензиясына ээ — Чоңгара-Гүлчө жана Түндүк Сох. Чоңгара-Гүлчө кени дээрлик иштетилип бүткөн.

Эки аймактык жалпы аянты 5354 гектарды же 53,5 чарчы км. түзөт.

Лицензия 2032-жылга чейин берилген. 2012-жылга чейин бул кендерди иштетүү менен «Өзбекмунайгаз» улуттук компаниясы алектенип келген.

Со-автор: Сайкал Токтогулова