Мамлекеттик каттоо кызматы (ММК) биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тарткандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге курган маегинде кызматтын башчысы Тайырбек Сарпашев адистер кызмат көрсөтүүдө жарандардын биометрикалык маалыматтарынын бар-жоктугун сурасын деп «оозеки сунуштама» бергенин айтты.

«Ал оозеки сунуштама. Сенден: «Биометрикаңды тапшырдын беле? Өтүнүч, өлкө үчүн биометрикаңды тапшырып кой» деп айтышат. Эгер сен: «Мага баары бир», деп жооп берсең, анда сага: «Мейли, андан ары барып кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана бер» деп айтышат», — деди Эржигитов.

Ал бүгүн «Азаттык» радиосуна февралдын аягына карата МКК чектөөлөрдү киргизиши мүмкүндүгүн билдирген.

«Азырынча катуу талаптар жок, бирок февралдын аягына чейин маалыматтарын тапшыруудан баш тартып жаткандарга карата чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Мисалы, ал паспорт, айдоочулук күбөлүк же башка документтерди алуу үчүн биометрикадан өтүүсү зарыл болот. Эгер ал баш тарта турган болсо, анда ага документ берилбейт»,— деген басма сөз катчы.

Буга чейин ал «Заноза» порталына курган маегинде «мекеме андай чараларга барууга укуктуу экенин» айткан. «Андай чаралар» дегенде биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууну түшүнүүгө болот.

«Эгер ал адам биометрикадан өтпөгөн болсо, анда жарандарды тейлеп жаткан оператор ага мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартышы керек. Каттоо кызматында маалыматтар базасын дайыма актуалдаштырып туруу кызматы бар жана ал кызматты аткаруунун алкагында мекеме андай чараларга барууга укуктуу», — деп жазган «Заноза» Эржигитовдун айткандарын.

Сарпашевге карата доо арыз

Прецеденттер мектебинин үйрөнчүгү Бекболот Касаболотов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Сарпашевдин 2016-жылдын 18-январындагы №6 буйругунун мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрылган.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов билдиргендей, 2016-жылдын 3-февралында Бишкектин райондор аралык сотуна арыз берилген.

«Касаболотов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Сарпашевдин 2016-жылдын 18-январындагы №6 буйругунун мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрылды. Ал буйрук биометрикалык маалыматтарды тапшырууга мажбурлоо менен мамлекеттик кызматтарды алууда тоскоолдуктарды жаратат», – деп билдирген юрист K-News маалымат агенттигине.

№6 буйрукка ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандарга төмөнкү кызматтар көрсөтүлбөшү керек:

  • турмуш кургандыгын каттоо;
  • ажырашкандыгын каттоо;
  • өлгөндүгүн каттоо;
  • фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү үчүн каттоо;
  • жарандык абалынын актыларын каттоо тууралуу маалымкаттарды, билдирүүлөрдү, жарандык абалынын актыларынан көчүрмөлөрүн берүү;
  • жарандык абалынын актыларын каттоо боюнча документтерди суратып алуу тууралуу почта аркылуу келген жарандардын арыздарын кароо;
  • жарандык абалынын актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү;
  • КР жарандык паспортун (ID card) берүү;
  • КР жалпы жарандык паспортун берүү;
  • дайыма жашоо үчүн чет өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн документтерди бүткөн түргө келтирүү (кетүү кагазы ж.б.);
  • Кыргыз Республикасына кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандарга чакырууларды даярдоо;
  • КР аймагында дайыма жашап жаткан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга КРдан сыртка чыгуу үчүн күбөлүктөрдү берүү;
  • кыска убакытка чек ара аймагына чыгуу үчүн уруксат кагазын жазып берүү;
  • КР жарандыгынан чыгуу тууралуу арыздарды кабыл алуу;
  • чет өлкөлөргө чыгып жаткан эрезеге жете элек өспүрүмдөргө маалымкаттарды берүү;
  • жашап турган жери боюнча каттоо (прописка);
  • даректүү маалымкаттарды берүү.

МККнын кабыл алуу бөлүмүнөн буйруктун көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышты. Алар баш тарткандыктарын буйрук үчүнчү тараптарга берилбей турган «ички документ» болуп эсептеле тургандыгы менен түшүндүрүштү.

Биометриканын айланасындагы талаш-тартыш

Кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын сентябрында башталган.

Укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиева милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүүгө каршы чыгышкан — алардын пикирлеринде, биометрия тууралуу мыйзам «иштебейт» жана «Конституцияга каршы келет».

Айрым укук коргоочулар биометрикалык маалыматтарды сактоо системасындагы коопсуздуктун жоктугун белгилешкен — Мамлекеттик каттоо кызматы ал мүчүлүштүктү мойнуна алып, маалыматтар базасынын «коопсуздугунун үстүнөн иштөөнү» убадалаган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өз биометрикалык маалыматтарын 2015-жылдын июлунун башында тапшырып, кыргызстандыктарды да биометрикалык каттоодон өтүүгө чакырган. Аны менен катар өлкө башчысы биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тартып жаткандарды «жалкоолор» деп атаган.

Укук коргоочулар президенттин ал айткандарын айыпташып, биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу анын талабын «диктатордук» талап деп аташкан.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо добуш бере алышкан эмес.