Монополияга каршы көзөмөл боюнча мамлекеттик агенттик сатуу жана сатып алуу бүтүмдөрүн доллар менен жасоо үчүн айып пул киргизүү сунушталган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Болжолдонуп жаткан айып пул өлчөмү 1 миң сомдон 100 миң сомго чейинки сумманы түзөт.

Жарандык кодекске ылайык сатуу жана сатып алуу боюнча бардык бүтүмдөрдүн сом менен жасалышы керек экендигине карабастан ал норманы бузуу үчүн азырынча эч кандай жаза каралган эмес. Мыйзам долбоору мына ушул максаттар үчүн иштелип чыккан.

Монополияга каршы көзөмөл боюнча мамлекеттик агенттиктин Жарнама жана кардарлардын укуктарын коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Чыңгыз Жантаев билдиргендей, айып пулдар үч категорияга бөлүнөт: жеке тараптар үчүн, кызмат адамдары үчүн жана юридикалык тараптар үчүн деп.

Алгачкы жолу мыйзам бузулган учурда жеке тараптар үчүн айып пул өлчөмү 1 миң сомдон 10 миң сомго чейинки, кызмат адамдары үчүн 5 миң сомдон 10 миң сомго чейинки жана юридикалык жактар үчүн 10 миң сомдон 50 миң сомго чейинки сумманы түзөт.

Мыйзамды экинчи жолу бузган учурда айып пул көлөмү кыйла көп болот.  Жеке жактар үчүн — 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин, кызмат адамдары үчүн — 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин жана юридикалык жактар үчүн — 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин.

Башкармалыктын жетектөөчү адиси билдиргендей, айып пул көлөмү мыйзам бузуунун мүнөзүнө — аны жасоонун себептери менен шарт жагдайларына жараша болот.

Учурда мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жана Экономика министрлигинин бекитүүсүнө жөнөтүлгөн. Жантаев мыйзам долбоору парламентке бир нече айдан кийин киргизилиши мүмкүндүгүн божомолдоду.

Кыргызстанда дедолларлаштыруу тууралуу кептер 2015-жылдын ноябрында, доллардын сомго карата курсу кескин жогорулап кеткенден кийин башталган. Улуттук банк анда доллардын жогорулашын «чайкоочулук чабуулдар» менен байланыштырган.

Кыргызстандын бийлиги улуттук валютага өтүү анын курсу менен өлкө экономикасынын турукташышына жардам берет деген ишенимде.

Премьер-министр Темир Сариев ноябрдын аягында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жана сатып алуу операцияларынын бардыгынын тең улуттук валютада жүргүзүлүшүн талап кылган. Билдирүү коммерциялык банктардан ипотекалык насыяларды чет элдик валюталарда алгандардын төлөп бере албай жаткандарынын санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу болгон.

Сүрөт: Азаттык