Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасынын журналисти билдиргендей аны кемсинтен сөздөрдү айтпагандыгын билдирди. Бирок ал андан баары бир кечирим сурады.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Нусурканов «Вечерний Бишкектин» кабарчысы Назгүл Бегалиеванын ал «Бажы кызматынын төрагасына сыйынууну» талап кылгандыгы тууралуу айткан сөздөрүн четке какты.

«Коридордо эки киши сүйлөшүп турган, анан ал алардын ортосунан өтүп кетти. Мен ага эскертүү бергем, ал болсо ага таарынып калды. Эгер мен аны таарынткан болсом, анда кечирим сурайм, мен ВБга өзүм барып, анын жетекчилиги менен сүйлөштүм. Эгер мен кандайдыр бир жол менен аны таарынтып алсам кечирим сурайм», — деген ал «Кабарлар» басылмасына курган маегинде.

Окуя күн мурун, премьер-министр Темир Сариевдин катышуусундагы Бажы кызматынын коллегиясы башталаар алдында болгон.

«Башыңар барбы? Анда төраганын өзү турат. Кантип анын жанынан өттүңөр? Түшүнүп атасыңарбы, төраганын өзү турат! Кеткиле бул жерден!» — деп кыйкырган Нусуркулов «Вечерний Бишкектин» версиясы боюнча.

Бегалиеванын өзүнүн айтымында, Нусурканов чынында эле алардын кеңсесине барып, өзүн «эч күнөөсү жок адамдай кылып» көрсөтүп баштаган.

«Кыскасы, ал анын баарын жаңылыкты сайттан алышыбыз үчүн жасаган. Качан ага жаңылык баары бир алынбастыгын айтканыбызда, ал тактикасын өзгөртүп, жашоонун оордугуна даттанып баштады. Андан кийин кечирим сурады. Мен эмнени кечирмек элем? Мен [жаңжал тууралуу] ал мени таарынткан үчүн эмес, а андай кылууга болбостугу үчүн жаздым. Алардын төрагасына карата мамиленин өзү — чиновникке сыйынат деген каякта бар экен? Бизде демократия да», — деди Бегалиева Kloop.kgге.