Бишкекте «Менин колуман келет! Биз кыла алабыз!» аттуу кайрымдуулук кече өткөрүлүп, анда моделдер катары подиумга ракты жеңген айымдар чыгышты. Жыйытыгында таблетка түрүндөгү морфин дарысын сатып алууга 311 миң сом топтолду.

Кече эл аралык ракка каршы күрөшүү күнүнө карата 4-февралда өтүп, ага 180ге жакын киши чогулду.

cancer_001

Ата мекендик дизайнерлер Гүлназ Байтурова, Айжан Акылбекова жана Жумагүл Сариева аялдар үчүн даярдалган коллекцияларын коомчулукка тааныштырышты. Подиумда моделдердин ролун ракты жеңип чыккан айымдар аткарышты.

cancer_009

Иш-чаранын уюштуруучулары — Эргене» коомдук фонду — билеттерди сатуудан 311 миң сом топтошту.

cancer_002

cancer_003

«Эргененин» төрайымы Токтогүл Сабырбекова чогулган каражат рак менен ооругандар үчүн оору сезимдерин жок кылуучу дарыларды сатып алууга жумшала тургандыгын айтты.

«Биздин ураан — «оорусуз жашоо». Бардык каражат оору сезимдерин жок кылчу таблетка түрүндөгү морфин дарысын сатып алууга багытталат, аларды Оштогу онкология борборуна жөнөтөбүз», — деп белгиледи Сабырбекова.

cancer_005

cancer_007

cancer_008

Жыл сайын Кыргызстанда рактан үч миңге жакын киши каза болот.

Ибарат Самакова кеченин жүрүшүндө подиумга чыккан айымдардын бири болду. Бир жарым жыл мурда ага жатын моюнчасынын рагы диагнозу коюлган. Самакованын айтымында, анын максаты өзү жана балдары үчүн айыгып кетүү болгон.

«Диагнозум тууралуу мен кокустан эле билгем, тагыраагы менде ачык көрүнгөн белгилери болгон эмес. Анан ал оору менен күрөшүүгө туура келди. Алгач коркунучтуу болду, бирок жакындарымдын, үй-бүлөмдүн аркасы менен мен жеңе алдым. Ошондой эле баштапкы стадиясында диагноз коюлгандыгы үчүн менде дарыланууга убакыт, күчүм, акчам жетти. Онкологиядан кийин боюма бүтүп, азыр экинчи баламды күтүп жатам», — деди ал.

cancer_010

cancer_011

Самакова бул сыяктуу иш-чараларды көбүрөөк уюштуруу зарыл деп эсептейт. Борбордо гана эмес, аймактарда дагы.

«Көпчүлүк аялдар бул оорудан уялышат. Алар аны жашырып, көзү ачыктарга барып башташат. Ал болсо абалды күчөтөт. Бул коркунучтуу эмес, уят эмес деп көбүрөөк айтуу керек. Келгиле бирге күрөшүп, өзүбүздүн мисалыбызда ракты жеңип чыккандардын бар экенин көрсөтөбүз. Бул деген рак оорусуна кабылгандар үчүн бир тамчы болсо дагы жардам болот», — деп сунуштады ал.

Тамара Токтакунованын алты небереси бар. Анда эмчек рагы бар экенин 2009-жылы аныкташкан, бирок ал ооруну жеңип чыга алган.

«Операция жасашты. Азыр өзүмдү жакшы сезип турам, жакшы болот деген үмүттөмүн. Мен максаттуу түрдө айыгып кетүүгө аракет кылгам. Мени бардык жакын адамдарым колдошту. [Рак] стресстерден улам болот, биз баарын эле жүрөккө жакын кабыл ала беребиз, ошондуктан баарына жеңил мамиле кылуу керек. Мен оорудан кийин өмүр бир гана жолу бериле тургандыгын жана аны татыктуу жашап өтүү керектигин түшүндүм», — деди ал.

Жазуучу Анара Токтогулованын уулу менен кызы бар. Өткөн жылдын февралында анын апасы каза болуп, ал стресске кабылган.

«Дарыгерлер төшүмдө тыгыздашуу бар экенин айтышып, рак клеткаларын аныктап чыгышкан. Алар операция жасоо керектигин айтышты. Мен анын анчалык коркунучтуу экенин билген эмесмин. [2015-жылы] мага операция жасашты», — деди ал.

Эл аралык ракка каршы күрөшүү күнү 4-февралда белгиленет. Анын максаты — рак туурауу азыркы учурдун эң коркунучтуу ооруларынын бири катары маалымат берип, анын алдын алып, аныктап жана дарылоого адамдардын көңүлүн буруу болуп эсептелет.

Автор: Айдана Канатбек кызы
Сүрөт: Уулжан Саякбаева