Twitter социалдык түйүнүнүн башчысы Жек Дорси сервистин кийинки аптада жаңыланган жаңылыктар тизмегин сунуштай тургандыгы жөнүндөгү маалыматтарды четке какты. Буга чейин ЖМКлар жаңы алгоритм билдирүүлөрдү багытына жараша жана Facebookтагыдай колдонуучуларынын каалоолорунун негизинде көрсөтө тургандыгын билдиришкен.

Төгүндөө Дорсинин өзүнүн Twitter-аккаунтунда пайда болду:

«Биз тизмекти кийинки аптада өзгөртүүнү пландабай элебиз», — деп жазды Дорси.

Анын айтымында, Twitterдин колдонуучулары багытына жараша маанилүү билдирүүлөрдү «Сиз жок учурда» деген бөлүмдөн деле көрө алышат — анда соцтүйүн өз колдонуучуларына алар жок кезде жарыяланган эң популярдуу билдирүүлөрдү сунуштайт.

Буга чейин Buzzfeed News басылмасы Twitter социалдык түйүнү жаңылыктар тизмеги үчүн жаңы алгоритмди кийинки аптада киргизүүнү пландап жатканын билдирген. Buzzfeedдин маалыматы боюнча, «Твиттер» эми жарыяланган убактысына жараша ылгаланбастан, тизмекти Facebookтагыдай принципте толтуруп баштайт.

Басылма учурдагы алгоритмдин толугу менен алмаштырылаары же колдонуучуларга тизмектин хронологиялык жана хронологиялык эмес тартиптеринин бирөөсүн тандап алуу мүмкүнчүлүгүнүн берилээр-берилбесин тактап жазган эмес. NBC Newsтун журналисти Жошн Стернберг колдонуучуларга алгоритм тандап алуу мүмкүнчүлүгү бериле тургандыгын билдирген.

Өткөн жылы Twitter айрым колдонуучулар арасында жаңылыктар тизмегинин хронологиялык эмес тартибин сыноо түрүндө киргизип көргөн. Мындай алгоритм киргизүү тууралуу кептер компанияда 2014-жылдан бери жүрүп келген.

CaiBXhfVAAAl9PL.jpg-large-450x101

Twitterге жаңы алгоритмдин киргизиле тургандыгы жөнүндө жаңылыктар пайда болгондон көп өтпөй колдонуучулар арасында #RIPTwitter хэштеги популярдуу болуп калган. Колдонуучулар бул тема боюнча дээрлик 400 миң билдирүү жазышкан.

«Жаңы Twitterдин жаңылангандан кийинки бириккен сүрөтү»

«Бул Twitter.
Twitter Facebookдай болууга аракет кылууда.
Twitterдей болбо»

«Акыры мен Twitterдин жаңы логотибин көрсөтө алам»

Өз кезегинде рунеттин колдонуучулары жаңы алгоритмдин киргизилишине каршы петиция башташкан.

Бул Жек Дорси  Twitterдин жаңы  башкы директору болгондон берки соцтүйүндүн алгачкы олуттуу өзгөрүүгө дуушар болушу эмес. Өткөн жылы Twitterдеги «Тандалгандарга кошуу» баскычы «Мага жагат» баскычы менен алмаштырылган. Ушул жылдын январында Дорси 140 белгилик чектөөнүн кемчиликтери түшүндүрүлгөн билдирүүсүн жарыялаган. Анысы менен Дорси «твиттин» эң узундугу жакынкы убактарда 10 миң белгиге чейин көбөйтүлө тургандыгы жөнүндөгү ушактарды ырастады.

Тема боюнча: Twitterге эмне болду: жаңы башкы директор, Moments жана «тандалгандарга кошуунун» ордуна «лайктар»

Twitter — узундугу 140 белгиден ашпаган кыска билдирүүлөр жарыялана турган кичиблог үчүн социалдык түйүн. Жалпысынан сервиске 500 миллиондон ашык колдонуучу катталган, алардын 300 миллиону социалдык түйүн менен күн сайын колдонушат.