Кыргызстанда доллардын курсу күндөн күнгө төмөндөп жатат. Анын акча алмаштыруу жайларындагы орточо алмаштыруу курсу 7-февралда 70,17 сомду түздү.

7-февралда акча алмаштыруу жайларында доллардын орточо курсу — сатып алуу  70,19, сатуу 71,66 сомду түздү.

12670000_958832527534872_118523034_o-200x130

Доллардын улуттук валютага болгон катышы 2016-жылдын 1-февралынан тарта түшүп баштаган. Айдын башталышына чейин АКШ валютасынын орточо курсу — сатып алуу 75,06, сатуу 75,46 сомду түзүп турган. Жыйынтыгында 7 күндүн ичинде анын курсу 4, 87 сомго түшүп кетти.

Кыргызстандын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча, бир доллар 74,78 сомго барабар.

Доллардын позициясы 2015-жылдын биринчи кварталында кыйла бекемделип баштап, төртүнчү кварталында анын курсу кечкин өсүп баштаган. Бир доллар 75,90 сомдон ашпаган расмий курска карабастан базарда анын курсу 75,90 сомго чейин чыгып кеткен.

Валюта базарындагы мындай ажиотаж каржы регуляторунун 2015-жылдын ичинде 330 млн. 760 миң долларга 35 жолу интервенция жасашына алып келген.

Анда эксперттер менен экономисттер доллардын мындан ары да өсө тургандыгын айтышкан. Алардын божомолдоолору боюнча, 2016-жылдын башына карата ал 85-100 сомду түзүшү керек болчу.