Сатууга 40 тонна курма алып бара жаткан бишкектиктин жүк унаасы Якутскта бузулуп калып, товары толугу менен үшүп кеткен. Андан улам буйрутма берген адам жемишти сатып алуудан баш тарткан, бирок мессенджер аркылуу таратылган билдирүү анын курмасынын сатылышына жардам берген.

Бишкектин жашоочусу Петр сатуу үчүн Кыргызстандан Орусияга 40 тонна курма алып бара жаткан. Якутсктан анын жүк унаасы бузулуп калып, андагы жемиши толугу менен үшүп кеткен. Буйрутма берген адам товарды кабыл алуудан баш тартып, бишкектик акчасыз калган.

«Эмгек көчөсүндө жүк унаасы турат, курманын 5 сорту сатылууда, бирок чынында үшүп кеткен, анткен менен абдан таттуу, килограммы 100 рублден. Өзү башка жактык, унаасы бузулуп калып, баары үшүп кеткен, буйрутма берген адам алуудан баш тарткан. Ал адамга боорум ооруп атат, унаасында жашап, үйүнө кете албай турат. Келгиле анын товарын сатуусуна жардам берели», — деген билдирүүнү шаар тургундары WhatsApp мессенджери аркылуу таратып башташкан.

211-200x130

Андан соң, CrimYakutia.ru редакциясы билдиргендей, Якутсктун жашоочулары курма сатып алуу менен Петрга жардам берүү үчүн жүк унаасынын алдына кезекке туруп башташкан.

Ага жардам берүүдөн жакын аймактардагы күркө сатуучулары да четте калышкан эмес. Алар үшүп кеткен курмаларды жүк унаасынын сыртында сатып берип башташкан, анткени бишкектиктин өзү бардык каалоочуларды тейлөөгө жетишпей калып жаткан.

Басылманын журналистинин айтымында, көптөгөн адамдар Петрга өз жардамдарын сунушташкан, бирок ал унаасын оңдоо боюнча сүйлөшүп койгонун айтып, аларды ишендирген.

Drom.ru порталынын сурамжылоосуна ылайык, Якутияда жашагандардын 93,7%ы WhatsApp колдонушат. Бул ырааккы чыгыш шаарларынын арасындагы эң жогорку көрсөткүч.

Мессенджердин Якутияда мындай массалык түрдө пайдаланылышы анын жөнөкөйлүгүнө жана аймактагын интернеттин ылдамдыгына байланыштуу деп эсептелет — WhatsAppты пайдаланууга жогорку ылдамдык талап кылынбайт.

Якутиянын жашоочулары мессенджерди жаңылыктар жана мемдер менен алмашуу үчүн ылайыкташтырып алышкан. Көпчүлүк учурларда кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар же кырсыктар тууралуу жаңылыктар алгач WhatsAppта пайда болуп, андан кийин гана жаңылыктар сайттарына чыгат.

321-200x130

Бул мессенджер адамдардын өз көйгөйлөрүн чечүүсүнө жардам берген алгачкы учур эмес. Февралдын башында WhatsApp Индиянын Мумбаи шаарындагы Д’Суза аттуу 16 жашар кыздын донорлук жүрөк алуусуна жардам берген.

Кыздын кардиологу мессенджер аркылуу Мумбаиден 350 миль алыстыкта баш мээсинин жабыркашынан улам Д’Сузага потенциалдуу донор болуп бере алчу Виджей Агарвал каза болгонун билген.

Сүрөт: crimyakutia.ru