Катталган презерватив, үзүлгөн жыныстык катнаш, «эркекке жанашпаган кыздын» жана «турнанын» позалары, лимон ширеси жана аскорбин кислотасы — Кыргызстандагы мектеп окуучулары мындай жол менен бойго бүтүп калуудан жана жыныстык жол менен жуга турган оорулардан сактанууга болот деп эсептешет.
Kloop.kgнин редакциясы Бишкектин жана Кыргызстандын аймактарындагы мектептердин 14-17 жаш курактагы отуз чакты окуучусуна, ошондой эле ата-энелер менен мугалимдерге алардын контрацепция жана коопсуз секс тууралуу эмнелерди биле тургандыктары жөнүндө суроолор менен кайрылышты. Жогорку класстын окуучулары элдик кеңештерди сынап көрүп жаткан чакта Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрликтери мектептердеги сексуалдык билим берүү боюнча окуу куралдарын иштеп чыгышууда.
Г. Чүй облусундагы айылдардын биринин 11-классында окуйт, жыныстык жашоо менен 10-класстан тарта жашап баштаган. Ал «элдик» кеңештердин натыйжалуулугуна үмүттөнүп, презервативди дароо пайдаланып баштабаганын мойнуна алды.
«Менин сүйлөшкөн кызым лимон ширесин же аскорбин кислотасын пайдаланган. Ал жөн гана өзүнүкүн жана менин жыныстык мүчөмдүн башын ошол менен жууган. Интернеттен билсе керек, сураган эмесмин. Мен кийинчерээк презерватив пайдаланып баштагам», — деди мектеп окуучусу.
Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан сурамжыланган отуздан ашык мектеп окуучусунун жарымынан көбү жыныстык жашоо менен жашашат. Кээ бирлери — жетинчи класстан бери, тагыраагы 14 жаштан баштап. Бишкекте жашаган окуучулардын сурамжылоого катышкандарынын жарымы презервативдер жана бойго бүтүрбөө дарылары тууралуу билишет же алар тууралуу угушкан. Сурамжыланган аймактык окуучулардын контрацепциялар тууралуу маалыматтары аз же айрымдары алар жөнүндө таптакыр эч нерсе билишпейт.
Н. Нарындагы мектептердин биринин 10-классында окуйт, контрацепциялар тууралуу билбейт, бирок мектепке медиктер келип, ВИЧ жана СПИД жөнүндө айтып кеткендери эсинде. Анткен менен ал ВИЧти жуктуруп албаш үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу берилген суроого Н. «колдорду жууп», ал оору менен ооруган адамга жакын жолобоо керектигин, анткени «шилекей аркылуу жуктуруп алуу мүмкүн экенин» айтып жооп берди. Ошондой эле ал презервативди кантип пайдалануу керектигин билээр-билбестиги жөнүндөгү суроого «анын эмне экенин билбейм» деп жооп берди.
Окуучулардын өзүлөрү мектептерде контрацепция эрежелери менен ыкмалары тууралуу сейрек айтыла тургандыгын мойундарына алышууда. Көпчүлүк учурларда окуучулар менен педагогдордун ортосундагы ал тема боюнча сүйлөшүүлөр уяттуу жана маанисиз катары эсептелет. Кээ бирде түрдүү уюмдардан ыктыярчылар келишип, контрацепция жана жыныстык жетилүү тууралуу балдар менен кыздарга өз-өзүнчө лекцияларды окушуп, мектеп окуучуларына презервативдерди таратып кетишет.
Муглимдер менен «ачык эмес» сүйлөшүүлөр
Эреже катары окуучуларга адамдын репродуктивдүү системасы тууралуу айткан мектептердеги биология мугалимдери контрацепция тууралуу айтуу керек деп эсептешет, бирок ошол эле маалда алар анын оңой эмес экенин мойундарына алышууда.
«Балдар [секс тууралуу сөз кылганда] күлүп, мугалим негизги ойду, теманы түшүндүрө албай калган учурлар болот. [Секс тууралуу сүйлөшүүлөр] биздин жаштар тарабынан оор кабыл алынат. Мугалимдин өзү уялат, балдар үчүн түшүнүксүз жана күлкүлүү. Балким анын мурда уяттуу нерсе катары кабыл алынып келгендигинен улам болсо керектир», — деди Бишкектин мектептеринин бириндеги биология жана анатомия мугалими Зарина Ниязова.
Окуучулардын өзүлөрү мектептердеги андай сүйлөшүүлөрдү «ачык эмес жана түшүнүксүз» деп аташты.
Көп учурларда мектептердеги толук кандуу сексуалдык билим берүүнүн жоктугу пландалбаган эрте бойго бүтүүлөргө алып келет.
«Мектеп» декрети
А. Талас облусунда жашайт, азыр 20да. Эки жыл мурда, 11-класстын башында анын боюна бүтүп калып, ага мектептен кетүүгө туура келген.
«Окуу жылынын башында боюма бүтүп калган, жарым жылдай окугам, бирок мени туура эмес түшүнүшүп, курбуларым, классташтарым шылдыңдап, кемсинтишчү. Анда окуу кыйын болуп калган», — дейт А.
Анан ата-энеси анын баланы калтырып, турмушка чыгуусу керектигин айтышкан. Учурда кыз классташы менен жашап, экинчи баласын тарбиялып жатат.
«Күтүүсүздөн эле боюмда болуп калды. Биз андай болот деп күткөн эмеспиз. Биз болушунча сактанууга аракет кылганбыз: презервативдер, «эркекке жанашпаган кыздын позасы» менен. [Секс менен] овуляция күндөрү алектенчүбүз, бирок кээ бирде ага карачу эмеспиз», — деди А.
Ал мектепте окуучуларга контрацепция тууралуу айтпагандыктарын, бирок анын окуясынан кийин ал практиканы киргизгендиктерин айтты.
Секс тууралуу сүйлөшүүлөр: мектептеби же үйдөбү?
2004-жылы «Репродуктивдүү саламаттык боюнча альянс» мектеп окуучулардын арасында таратуу үчүн сексуалдык билим берүү тууралуу китепчелерди басып чыгарган.
Дээрлик он жылдан кийин, 2013-жылы Кыргызстанда ал материалдардын айланасында жаңжал чыккан — диний уюмдардын өкүлдөрү менен парламенттин депутаты Турсунбай Бакир уулу ал китепчелер мектеп окуучулардын арасында никесиз жыныстык катнашка барууну пропагандалап жатат деп билдиришип, аларды «бузуку китепче» деп аташкан. Анда министрлик китепчелерди таратууга тыюу салууну убадалаган.
Ошол жылы Бишкектин Саламаттыкты сактоо департаментинин штаттан сырткаркы өспүрүмдөр гинекологу Альфия Самигуллина Kloop.kgге курган маегинде 2007-жылдан бери өлкөдө өспүрүмдөр арасындагы бойго бүтүү учурлары бир жарым эсеге көбөйгөнүн билдирген.
Сурамжылоо: Мектеп окуучуларына сексуалдык билим берүү керекпи?
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу мектеп окуучулары сексуалдык тарбияны үйдөн алышы керек деп эсептейт.
«Андай тарбия үй-бүлөдө берилиши керек […]. Кандайдыр бир тарбия берүү сабактары болушу керек: кыздар үчүн өзүнчө, балдар үчүн өзүнчө», — деди ал.
Сексуалдык билим берүүнүн зарылдыгы тууралуу ата-энелердин пикирлери бир беткей эмес болуп чыкты. Алардын айрымдары балдарга секс, контрацепция жана эрте бойго бүтүү тууралуу айтуу керек деген идеяны колдошту.
Кыйла консервативдүү көз караштагы үй-бүлөлөрдүн ата-энелери болсо мектептерде балдарга кармануу, «моралды сактоо» жана өзүн тазалыкта кармоо» жөнүндө айтыла турган «адеп-ахлак сабактарын» киргизсе жакшы болмок деп эсептешет.
«Уулума мектептен презерватив беришип, никеге чейин жыныстык канташка баруу нормалдуу эле көрүнүш деп айтышын каалабайм. Ал сабактарга альтернатива киргизүүгө эмнеге болбосун?» — деди Бишкектин мектептеринин биринин жогорку классында окуган окуучунун апасы Майрам Кадырова.
Секс тууралуу мамлекет айтат
«Альянстын» китепчелеринин айланасындагы талаш-тартыштардан дээрлик эки жыл өткөндөн кийин, 2015-жылы парламент пункттарынын бири мектептердеги сексуалдык билим берүү болгон жарандардын репродуктивдүү саламаттыгы тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Билим берүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мугалимдерге «6-11-класстар үчүн сейрек жашоо мүнөзү боюнча класстык сааттар» деген аталыштагы сексуалдык билим берүү боюнча методикалык куралдарды иштеп чыккан.
«Анда репродуктивдүү саламаттыктын негиздери, өзүн өзү таануу, жоопкерчиликтүү жүрүм-турум, психоактивдүү заттар, жугуштуу оорулар, зомбулуктун алдын алуу жана гендердик теңдик тууралуу темалар каралат», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун Алдын алуу жана билим берүү программалар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жамиля Юсупова.
Адистин айтымында, окуу куралына контрацепция маселелери да киргизилген.
Юсупова билдиргендей, сексуалдык агартуу боюнча сабактар мектеп окуучуларына айына бир жолудан өткөрүлүшү керек. 6-9-класстардын окуучулары үчүн он, а 9-11-класстар үчүн беш академиялык саат бөлүнгөн.
Юсупова ошондой эле диний мектептердин — медреселердин — окуучулары үчүн алардын окуу программасына ылайыкташтырылган өзүнчө окуу куралы иштелип чыкканын белгиледи.
Андан сырткары министрликтер тарабынан мугалимдерге жардам катары атайын окутуу дисктери иштелип чыккан. Мугалимдер сабак өтүү үчүн өзүлөрү алдын ала окуудан өтүшү керек болот.
«Мугалим […] ал материалды өзүнүн компьютерине жүктөп алып, алгач өзү маалымат ала алат — ал тасмалар, көнүгүүлөр менен жабдылган, андан соң беш модуль боюнча тест берилет, эгер ал тесттен толугу менен өтсө анда ага автоматтык түрдө сертификат берилет», — деди Жамиля Юсупова.
Анын айтымында, жаңы окуу куралы өспүрүмдөрдүн бойго жеткен жашоого сексуалдык планда гана даяр болуусуна жардам бербестен, ошондой эле аларга достук, сүйүү, үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу айтып берет. 2015-2016-окуу жылында ал мектеп программасынын милдеттүү элементи болуп калган.
«Ата-энелер эмес, а жашоо үйрөтөт»
А. Бишкектин мектептиринин биринин 11-классынын окуучусу, жыныстык жашоо менен 9-классынан тарта жашап баштаган. Сактанууга аны достору үйрөткөн. Анын дайымкы өнөктөшү жок, ошондуктан ал презервативдерди колдонот.
«Мен өзүм салттуу каражаттарды колдоном — презервативдерди. Дагы «турнанын позасын», 69 позасын пайдаланууга болот. Ага ата-энелер эмес, а жашоо үйрөтөт. Мейманканага барып, аялды чечиндирдиң, анан? Апаңан кеңеш сурамак белең?» — деди ал.
Kloop.kgнин кабарчысынын сурамжылоосуна ылайык, жыныстык жашоо менен жашаган мектеп окуучуларынын көбү пландалбаган бойго бүтүүнүн алдын алуу үчүн үзүлгөн жыныстык катнашты колдонушат.
«Репродуктивдүү саламаттык боюнча альянстын» аткаруучу директору Галина Чиркинанын айтымында, үзүлгөн жыныстык катнаш — анчалык ишенимдүү ыкма эмес жана учурлардын жарымында гана иштейт.
Популярдуулугу боюнча мектеп окуучуларынын арасында экинчи жана үчүнчү орундарды презервативдер менен «элдик каражаттар» ээлешет.
Автор: Сезим Каныбекова
Видео: Айдана Канатбек, Александра Капушенко, Сезим Каныбекова
Сүрөт: Сезим Каныбекова, Айдана Канатбек