Демилгечи депутаттар тиешелүү сунуштар жазылган мыйзам долбоору дээрлик даяр экенин жана жакынкы убактарда парламенттин кароосуна киргизилээрин билдиришти.

Парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясы мэрди тике шайлоо тууралуу мыйзам долбоору сунушталарын билдирди — алар муниципалитет башчысын шаардыктардын өзүлөрү шайлагандай кылууну демилгелешет.

Учурда калаа башчысын шаардык кеңештин депутаттары шайлашат.

Жакынкы убактарда Бишкектин мэрин шайлоо болушу мүмкүн — калаа башчысы Кубанычбек Кулматов 9-февралда өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Депутат Мирлан Жээнчороев Kloop.kgге мыйзам долбоору дээрлик жазылып бүткөндүгүн, бирок эгер мэрди шайлоо жакынкы айларда өтө турган болсо, анда парламент мыйзам долбоорун кабыл алууга жетишпей каларын билдирди.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, мыйзам долбоору парламентке киргизилгенден кийин ал бир канча ай коомдук талкууда болуп, тиешелүү экспертизалардан өткөрүлүшү керек болот.

Жээнчороевдин айтымында, тике шайлоолорго кайтып келүүдөгү башкы көйгөй болуп аны каржылоо маселеси эсептелет.

«Тике шайлоолор — бул албетте каржатты талап кылат, ага байланыштуу биз каржылоо булагын аныкташыбыз керек», — деди ал.

Парламентарий тике шайлоолорду өткөрүүгө болжол менен канча каражат керек болорун так айтып бере алган жок.

КСДП фракциясынан депутат Марат Аманкулов Kloop.kgге тике шайлоолордун эч кандай жаман жери жоктугун, бирок учурда ага зарылчылык жок экенин айтты.

«Балким биз тике шайлоолорго бараттырбыз, бирок шайлоо — бул коомчулук үчүн стресстик абал, ар бир шайлоо боюнча: депутаттарды, президентти, жергиликтүү бийликти шайлоодо дайыма элдин тынчын ала берүүгө болбойт. Эгер биз жергиликтүү кеңешти шайлап, кайсыл бир партияга артыкчылык көрсөтсөк, анда эл жергиликтүү бийликти шайлоодо да ошол партияга ишене тургандыгын түшүнүшү керек», — деди ал.

Бишкек мэринин отставкасы

Кулматов кызматтан кетүү тууралуу арызын 9-февралда өз каалоосу менен жазган. Өкмөт анын арызын кабыл алды, бирок азырынча ага кол коюла элек. Азыр Кулматов мэрдин милдетин аткарып жатат.

Кулматов 2014-жылдын ортосунда, ага чейин ал кызматты ээлеп турган Иса Өмүркулов кеткенден кийин Бишкектин мэри болгон. Мэрди шайлоодо ал жалгыз талапкер болгон — анда Кулматовду колдоп Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 41и добуш беришкен.

Мэр кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандан бир аз мурда президент Алмазбек Атамбаев анын ишин сынга алып, борбордун көчөлөрүндөгү таштандылар тууралуу жашоочулардын көптөгөн даттанууларынан улам аны кызматтан кетирээрин айтып коркуткан.

Атамбаев — шаардагы таштанды көйгөйүнө байланыштуу Кулматовду сынга алган жалгыз киши эмес. Калаа башчысынан ал көйгөйдү чечүүнү премьер-министр Темир Сариев дагы талап кылган. Анда мэр таштанды ташуу үчүн техниканын жетишсиздигин айтып  актанган. Ал ал көйгөйдү муниципалдык «Тазалык» ишканасынан сырткары дагы төрт таштанды ташуу компаниясын тартуу менен чечкен.

Автор: Александра Ли