АКШ президенти Барак Обаманын администрациясы Украина, Молдавия, Грузия жана Борбордук Азиядагы «Орусиянын агрессиясына» каршы күрөшүү үчүн конгресстен дээрлик $1 млрд. сурады.

Ак үй 9-февралда ЖМКлар үчүн тележыйын өткөрдү. Анда АКШ президентинин администрациясынын өкүлдөрү 2017-жылга карата алар кандай керектөөлөр үчүн каражат сурагандыктарын түшүндүрүп беришти.

Бюджеттин пункттарынын биринде Украина, Молдавия, Грузия жана Борбордук Азиядагы «Орусиянын агрессиясына каршы аракет көрүү» деп жазылган. Бул үчүн Ак үй Мамдепартаментке жана USAIDге $952 млн. сурады.

Президенттик администрациянын жогорку кызматтагы чиновниктери (алардын аты-жөндөрү айтылган жок) «Орусиялык агрессияга каршы аракет көрүү» дегенде төмөндөгүлөрдү түшүнүшөт:

  • көз карандысыз жана калыс маалыматтарга жетүү мүмкүндүктөрүн кеңейтүү;
  • коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзам үстөмдүгүн колдоо;
  • жарандык коомдуу күчөтүү;
  • энергетикалык коопсуздукту көтөрүү;
  • каржы реформаларын, соода жана экономикалык диверсификацияларды колдоо;
  • коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.

Азырынча Орусия АКШнын федералдык бюджетиндеги бул беренелер боюнча расмий пикирин билдире элек.

Ак үй, жалпы эле АКШнын бийлиги Орусия тараптан Крым аннексиялангандан кийин «орусиялык агрессия» сөз айкашын көп колдоно башташты. Окуя Украинадагы кремлчил президент Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин болгон.

Ак үй буга чейин да «орусиялык басым менен агрессиялык аракеттерге каршы турууга» деп конгресстен акча сураган. Ал 2016-жылдын бюджети каралып жатканда болгон.

Анда ал көбүнчө Украинаны колдоого байланыштуу болгон. Бирок бюджетке тиркелген маалымкатта Европа менен Борбордук Азиядагы орусиялык пропагандага каршы жалпы элдик дипломатия жолу менен каршы аракеттерди көрүү деп да жазылган.