Бишкекте троллейбус кыймылынын токтошуна электр линияларындагы авария себеп болду. Кыймыл бузулган жерлер оңдолоору менен дароо калыбына келтирилет.

Бишкектеги троллейбус кыймылы 11-февралда түштө токтоду.

Ага электр линияарындагы авария себеп болду, деп билдирди Kloop.kgге Бишкек троллейбус башкармалыгынын директорунун орун басары Мурат Үмөтов.

«Адистер авариянын себептерин аныктап жатышат», — деди ал.

Үмөтовдун айтымында, троллейбус кыймылы бузулган жерлер оңдолоору менен дароо калыбына келтирилет.

«Бузулган жерлер оңдолуп бүткөрүлгөндөн кийин дароо жүрөбүз», — деди ал.

Бул электр линияларындагы мүчүлүштүктөрдөн улам троллейбус кыймылы токтогон алгачкы учур эмес. 2015-жылдын ноябрында троллейбустар Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде токтоп калышкан.

Азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгында 660 жумушчу жана 9 каттам боюнча иштеген 154 троллейбус бар.

Автор: Анастасия Стрельникова