Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов өз каалоосу менен кызматтан кетишинин себептерин түшүндүрдү — ал «үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу» Кыргызстандан кетип жатканын айтты.

Экс-мэр Кубанычбек Кулматов кызматтан үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу кеткен жана өлкөдөн да чыгып кеткени жатат. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 11-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Азырынча каякта болорумду билбейм. Канча бир убакыт жок болуп турушум керек болуп жатат. Мен Бишкекте болбойм, [мэрликтен] кеткенимдин себептеринин бири үй-бүлөлүк шарттар. Тилекке каршы, мен бир канча убакыт Кыргызстандын сыртында болуп турууга аргасызмын», — деди ал.

Кулматов отставкасынын себептери тууралуу айтып жатып чечими «саясатка байланыштуу эмес экенин» жана азырынча мындан ары эмне менен алектенип, кайсыл кызматка бара тургандыгын билбестигин кошумчалады.

«Мен өз алдыма келечекте саясий деңгээлде башка кызматка кетүү максатын койбойм. Биз бир командада, президенттин командасында иштейбиз. Анда мындан ары мени кайсыл жакта көрүүнү чечүү укугу бар», — деди ал.

Буга чейин Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гуля Алманбектова Kloop.kgге Кулматов башка мамлекеттик кызматка баруу үчүн мэрликтен кетип жатканын билдирген.

Экс-мэр маалымат жыйынында сүйлөп жатып ал ишин улантчу киши  даярдабагандыгын жана кийинки калаа башчысы ким болорун билбестигин бегиледи.

«Мен мэрликке эч кимди даярдаган эмесмин, кантсе да бул шайлоо аркылуу келе турган кызмат эмеспи. Чечим Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарында», — деди Кулматов.

Мурдагы мэрдин айтымында, муниципалитетте аны менен бирге шаарды көрктөндүрүүнүн үстүнөн иштеген командасы калып отурат.

«Ал бүтүндөй бир аппарат. Мен мэрликке ким келбесин ал команданы сактап калса дейт элес. Ал команда өз ишин абдан жакшы билет. Биз шаардын алдыга жылуусу боюнча негиз салдык», — деп белгиледи экс-мэр.

Кулматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын 9-февралда жазган. Өкмөт башчы ага ошол эле күнү кол койгон.

Азыр мэрдин милдеттерин убактылуу вице-мэр Айгүл Рыскулова аткарып жатат. Мамлекет жакынкы убактарда Бишкектин мэрлигине талапкерлерди аныктайт.

Текст менен видеонун автору: Сезим Каныбекова