Билим берүү министрлиги мектептердин чыгымдарын көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринин онлайн-картасын түздү. Азыр сайт тесттик режимде ишке киргизилди жана ал мектептер тууралуу базалык гана маалыматтарды камтыйт.

Билим берүү министри Эльвира Сариева 11-февралда «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу мектептердин онлайн-картасы иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, мындай сайтты түзүү зарылчылыгы ата-энелер мектептердеги «расмий эмес акча төлөөлөргө» даттангандан кийин жаралган.

Сариева окуучулардын ата-энелери мектеп тууралуу, анын ичинде бюджеттик төлөмдөр тууралуу маалыматтардын жабык экенине нааразы экенин жазды.

«Эгер ата-энеден мектепке инвестиция кылууну өтүнүп жатышса, анда ал мектепте канча окуучу бар экенин, бюджеттен канча акча ала тургандыгын, канча жана кандай китептер жетишсиз экенин так билиши керек», — деп жазды билим берүү министри.

Азыр сервисте мектептер тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтар бар:

  • алардын облустар менен аймактардагы саны;
  • номурлары;
  • даректери;
  • окуучулар менен мугалимдердин саны;
  • жылуулук менен камсыз кылуу системасы;
  • имараттын абалы;
  • мектептин долбоорлордо катышуусусу;
  • мектептердин коду;
  • негизделген датасы;
  • каржылоо абалы;
  • эмректердин саны;
  • окуучуларынын ЖРТдеги жетишкендиктери.

Билим берүү министрлиги аны курулуш, капиталдык оңдоо жана мамлекеттик каржылоо боюнча маалыматтар менен толуктайт.

«Биздин маалыматтар канчалык ачыгыраак болсо, ата-энелер мектепти ошончолук объективдүүрөөк баалай алышат», — деп жазды Сариева.

Учурда мектептердин картасы Билим берүү министрлигинин сайтында (edu.gov.kg/ru/map) тесттик режимде иштеп жатат жана мекеме аны жакшыртуу боюнча сын-пикирлерди кабыл алууга даяр.

2016-жылдын аягына чейин ага бала бакчалар, жогорку окуу жайлар жана башка билим берүү мекемелери боюнча маалыматтар киргизилет.

«Расмий эмес төлөмдөр»

Мектептердеги «расмий эмес төлөмдөр» тууралуу билдирүүлөр ата-энелер тараптан Kloop.kgнин редакциясынын дарегине бир нече жолу келип түшкөн. Окуучулардын ата-энелери директорлор аларды «ыктыярдуу төлөмдөрдү» төлөөгө мажбурап жаткандыктарын билдиришкен.

Баласы Бишкектин №83 мектебинде окуган окурмандардын бири Kloop.kgге аларды ай сайын 200 сомдон төлөөгө мажбурлап, ошол эле маалда эч кандай дүмүрчөк кагазын бербей тургандыктарын билдирген.

«Дайыма акча сурашат. Ай сайын окууга деп 200 сомдон төлөш керек. Ата-энелер жыйымы 9 айга 350 сомду түзөт, ошондой эле оңдоо иштерине деп 450 сом талап кылышат. Бирок мектептен эч кандай дүмүрчөк кагаздары же башка документтер берилбейт», — деган ал.

Окурман эгер ата-энелер ал акчаларды төлөбөсө, анда алардын балдарынын мектептеги баасын төмөндөтүшө тургандыктарын айткан.

«Акчаны биз колдон-колго өткөрүп класс жетекчисине беребиз. Акча чогултуу керектигин айтышат, а эгер төлөбөй койсоң түрдүү шылтоолор менен басым жасап, бааларды төмөндөтүшөт. Мен бул боюнча директорго кайрылгам, а өзү мугалимдерди акча чогултууга мажбурлайт», — деп билдирген ата-эне.

Айтымында, балдарына басым жасалуу ыктымалдыгы бар болгондуктан, ал директорго ачык каршы чыгуудан коркот.

«Буга чейин администрация менен бир нече жолу чатакташкам. Бизге акча кандай керектөөлөр үчүн жумшалып жаткандыгын айтышпайт, мен мектептин кайсыл бир жери оңдолгонун көрө элекмин», — деген ал.

Бардыгы «ыктыярдуу негизде», «басым жасоо жок»

№83 мектептин директору Султан Калыгулов Kloop.kgге мекемеде ата-энелер жетектеген коомдук фонд иштей турганын жана ал аркылуу мектепке акчалай жардам көрсөтүлөөрүн айтып түшүндүрдү.

«Коомдук фонд ата-энелердин банкка төлөөсүн өтүнөт, ал жактан дүмүрчөк алууга болот. Биз анын ишмердүүлүгүнө катышпайбыз, [мектепке] ата-энелер комитетинен жардам сурайбыз», — деди ал.

Калыгуловдун айтымында, акчалай төлөмдөрдүн бардыгы тең ыктыярдуу болуп эсептелет.

«Бизде 1500 окуучу окуйт, мектепке 350-400 ата-эне жардам берет. Бул деген жардам ыктыярдуу түрдө берилип жатканынан кабар берет. Ким каалабаса ал акча төлөбөйт», — деди мектеп директору.

Ал ата-энелери акча төлөбөгөн окуучуларга басым жасалган учурларды көрбөгөндүгүн айтты.

«Мен көп жылдан бери иштейм жана андайды көрө элекмин, ал жөн гана ата-энелердин коркутуусу. Азыр андай ата-энелер көп», — деди Калыгулов.

«Дайыма отчёт берип турабыз»

№83 мектептеги көзөмөл кеңешинин төрайымы Разия Эралиева Kloop.kgге чыгымдар тууралуу маалыматтар дайыма жеткиликтүү экенин билдирди — анын айтымында, ал маалыматтар мектептин фойесине илинет.

«Биз ата-энелер алдында дайыма отчёт берип турабыз. Фойеде атайын тактабыз бар, биз ал жакка чыгымдар тууралуу маалыматтарды жайгаштырып турабыз», — деди ал.

Төрайымдын айтымында, ата-энелердин төлөмдөрү ыктыярдуу болуп эсептелет — аларды 1500 окуучунун 4 жүзүнүн гана ата-энеси төлөйт.

Эралиева чогулган акчалар күзөткө, техникалык кызматкерлер менен мектепти оңдоо иштерин аткарган жумушчулардын айлыктарына кетет.

«Биз фонддун эсебинен күзөткө айына 30 000 сом төлөйбүз. Ошондой эле биз пол жуугандарга кошумча айлык төлөп беребиз, алардын расмий айлыгы 2 700 сомду түзөт. […] Ата-энелер өзүлөрү келип дубалдарды сырдоону каалашпайт, жумушчуларды жалдашыбызды өтүнүшөт. Алар 250 сомдон чогултушат, ал акчалар кызматтарды төлөөгө кетет», — деди ал.

Буга чейин Билим берүү министри Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянуу менен 2014-жылы мектептердеги расмий эмес акча чогултуулардын көлөмү 3 млрд. сомду түзгөнүн билдирген.